Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү болду

© AFP / SASA DJORDJEVICСербско-македонская граница
Сербско-македонская граница - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуу учурунда кыргыз-тажик чек арасынын калган тилкелериндеги чек ара сызыгын чийүүнү эртелетүү тууралуу сөз болду.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, жыйынга Кыргызстан жана Тажикстандын вице-премьер-министрлери Акрам Мадумаров менен Азим Иброхим катышкан.

"Жолугушуу учурунда кыргыз-тажик чек арасынын калган тилкелериндеги чек ара сызыгын чийүүнү эртелетүү тууралуу сөз болду. Ошондой эле чек араны делимитациялаганга чейин Баткен району менен Исфара шаарынын ортосундагы чек ара сызыгында туташ болбогон жана ортодо калган тилкелерди чечүү маселесине токтолушту. Топографиялык топторго мамлекеттик чек аранын долбоордук сызыгын чийүү маселесин кароо тапшырмасы берилди", — деп жазылат билдирүүдө.

Жыйындын алкагында чектеш аймактардын башчыларынын өзүнчө жолугушуусу болгон. Анда Баткен жана Согди облустарынын башчылары 2020-жылга карата кызматташуу иш-чараларынын биргелешкен планын бекитишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0