Былтыйып отурасыңар! Жээнбеков сындаган судья эмнеге иштен алынбаганы айтылды

Жазылуу
Эл өкүлү ал судьяны президент Сооронбай Жээнбеков сындаганын эскертип, ошого карабай жаза сөгүш берүү менен чектелгенине нааразы болду.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Бишкек шаардык Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин экс-директору Насыр Алмаматовду бошоткон судья Кымбат Архарова эмнеге кызматтан алынбаганын сурады.

Эл өкүлү ал судьяны Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков дагы сындаганын эскертип, ошого карабай жаза сөгүш берүү менен чектелгенине нааразы болду.

"Быйыл сотторго каражат былтыркыга салыштырмалуу 35 пайызга көп бөлүнгөн. Бирок эмнегедир коомчулук сот тармагында адилеттүүлүк орноп баштаганын сезе элек, жылыш жок. Президент "саясий эркти да, акчаны да беребиз" деди. Президент Коопсуздук кеңешинде "Алмаматовду кантип бошотуп жибердиңер, ушундай соттор кантип иштеп жүрөт?" деп абдан таң калды. Бирок сиздер президенттин сөзүн чымын чаккандай көргөн жоксуңар. Архаровага сөгүш берүү менен чектелипсиңер. Бул соттор мындан ары да коррупцияга каршы күрөштө саботаж жасоону улантат дегенди түшүндүрөт. Бул бир эле мисал, башкасын айтпай эле коёюн", — деди Акаев.

Буга жооп берген Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын жетекчиси мындай чечим добуш берүү менен кабыл алынганын айтты.

"Комиссияга тогуз адам мүчө. Анын үчөө сот системасынан, үчөө Жогорку Кеңеш, үчөө президент тарабынан дайындалат. Маселе добуш менен чечилет, натыйжада ушундай чечим кабыл алынды", — деди ал.

Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков мас абалында рулга отурган Жалал-Абад шаарынын судьясын иштен алды
Насыр Алмаматов УКМК тарабынан 2018-жылы пара менен кармалган. Тергөөдө аны автоунааларды каттоодо жана айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшырууда коррупциялык схема түзүп акча алып турганы аныкталган.

Бирок 9-июлда Бишкек шаардык соту (экинчи инстанцияда) Алмаматовду эркиндикке чыгарган.

Жазасы жеңилдеген аткаминер 3 миллион 300 миң сом айып пул төлөмөй болгон. Анткен менен Жогорку сот Октябрь райондук сотунун (биринчи инстанция) чечимин жокко чыгарып, Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок соттор талашып-тартышканга чейин аткаминер качып кетип, ноябрда ага издөө жарыяланган.

24-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков бул иш боюнча Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны сындаган.

Андан соң бул соттук ишке катышкан прокурор кызматтан бошотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0