Сапар Исаков тергөө абагында ууланып, сотко бара албай калды

Сапар Исаков тергөө абагында ууланып, сотко бара албай калды

3370
(жаңыланган 10:05 05.03.2020)
2019-жылдын декабрь айында Сапар Исаков Свердлов райондук сотунун чечими менен 15 жылга эркинен ажыратылган.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков тамакка ууланып калганын адвокаты Замир Жоошев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Исаковдун абалы 26-февраль күнү эртең мененки саат 04.00дөр чамасында начарлаган.

"Эмне жеп ууланганын так билбейт экен. Абалы эртең менен начарлап кетиптир. Учурда тергөө абагынын дарыгерлеринин көзөмөлүндө. Медиктердин сунушу менен бүгүнкү соту башка күнгө жылдырылды", — деди адвокат.

Бул маалыматты УКМК дагы тастыктап, мурдагы премьер дарыгерлердин кароосунда экенин маалымдады.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Сапар Исаков Свердлов райондук сотунун чечими менен 15 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган. Ал Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо коррупциялык иштерге барган деп айыпталган.

Кийин Сапар Исаков райондук соттун чечимине нааразы болуп шаардык сотко арызданган.

3370
Белгилер:
уулануу, УКМК, Сапар Исаков
Тема боюнча
Атамбаев баштаган топко 11 берене боюнча айып тагылды. Тизме
Атамбаев: кан басымым түшүп кеткендиктен дарыгерлерге кайрылдым
Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков дал очередное интервью Биринчи радио Общественной телерадиовещательной корпорации. 26 сентября 2020 года

Жээнбеков Путин менен жолугар алдында эмне деди. Мамиле, кызматташтык, деңгээл

0
Келе жаткан жумада мамлекет башчы иш сапары менен Россияга барат. Маек учурунда Владимир Путин менен бир катар маселелерди талкуулай турганын билдирген.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Россия менен Эриш-аркак жылынын алкагында пландаштырылган иш-чараларды аткарууга бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" маек берип жатканда айтты.

Журналист мамлекет башчыдан РФ менен бүгүнкү кызматташтыктын деңгээлин кандай баалай турганын жана өлкө ортосунда эриш-аркак жылындагы пландар тууралуу сураган.

Президент Россия менен иштешүүгө чоң маани берилерин жана учурдагы мамиле эң жакшы экенин айткан.

"Эмки жумада, кудай буюрса, Россияга иш сапарым менен барып, Владимир Путин менен жолугушам. Бир катар маселелерди талкуулайбыз. Ушул жумада өкмөттөр аралык комиссиянын 22-жыйыны Бишкекте өттү. Бул эриш-аркак жылдын биргелешкен программасынын алкагындагы маанилүү иш-чара. Комиссия соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча маселелерди карады. Кээ бир иш-чаралар тилекке каршы, абалга жараша токтоп турат. Алардын мөөнөтүн өзгөртүү боюнча Россия менен сүйлөшүп жатабыз", — деген президент.

Жээнбеков парламентке канча партиянын келишин каалай турганын айтты

Президент эриш-аркак жылынын жабылыш аземин 2021-жылга жылдырылганын кошумчалаган.

"Кыйынчылыктарга карабастан, биз стратегиялык өнөктөшүбүз, союздашыбыз Россия менен эриш-аркак жылынын алкагында пландаштырылган иш-чараларды аткарууга бардык күч-аракетибизди жумшайбыз жана жумшап жатабыз", — деген Жээнбеков.

Кыргыз-Россия эриш-аркак жылында баш-аягы 200гө чукул иш-чараларды өткөрүү пландалып, бирок пандемиядан улам түрдүү мөөнөттөргө жылдырылган болчу.

0
Белгилер:
иш-чара, Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы, кызматташтык, Сооронбай Жээнбеков, Россия, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы
Тема боюнча
Шайлоодон кийин карантин киргизилеби? Президент Жээнбековдун жообу
Президент Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт

Жээнбеков парламентке канча партиянын келишин каалай турганын айтты

52
(жаңыланган 16:14 26.09.2020)
Мамлекет башчы шайлоодон кийин парламентке канчалык көп партия келсе, өлкө үчүн ошончо утуш болорун белгиледи.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Парламентке беш-алты партиянын келишин каалайт элем. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков КТРКнын "Биринчи радиосуна" берген маегинде билдирди.

Мамлекет башчы ар бир партияда мамлекетчил позициясы күчтүү уул-кыздар бар экенин белгиледи.

"Парламенттин табияты ошондой. Сындашат, айрымдары популисттикке алдырышат. Бирок мамлекет үчүн, эл үчүн маанилүү маселе жаралганда баары биригет, мамлекетчил позициясын көрсөтөт. Буюрса, келе турган парламентте деле ошондой болот деп ишенем. Анткени баары эле өзүбүздүн уул-кыздарыбыз да. Талаша турган эч нерсе жок. Бирок парламентке 5-6 партиянын келишин каалайт элем. Себеби бул өлкө үчүн, туруктуулук үчүн керек", — деди Жээнбеков.

Шайлоодон кийин карантин киргизилеби? Президент Жээнбековдун жообу

Ошондой эле ал парламентке канчалык көп партия келсе, өлкө үчүн ошончолук утуш болорун белгилеп, тогуз пайыз эмес, жети пайыздык шайлоо босогосун колдогонунун негизги себеби да ушул болгонун айтты.

Соңунда президент эл кандай добуш берсе ошондой жыйынтык болорун кошумчалды.

52
Белгилер:
мамлекет, Парламент, саясый партия, шайлоо, Сооронбай Жээнбеков
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
Шайлоо учурундагы коопсуздук талкууланды. Жээнбеков УКМК төрагасын онлайн кабыл алды
Депутат болгум келет. Өкмөттө иштеген 140 кызматкер шайлоого катышууда