Добушун чака-чайнек, шекер, арак-шарапка сатканда. "Чалкан" чаккан баяндар

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Чалкан" коомдук-саясий сатиралык журналы
Чалкан коомдук-саясий сатиралык журналы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кезинде "Чалкан" коомдук-саясий сатиралык журналы эл башындагыларды катуу сындап, өлкөдөгү көйгөйлөрдү ачык айтып, мамлекеттик кызматкерлердин алешемдигин көзгө сайып көргөзүп, кымырып алынган акчаларды кустурганга чейин жеткирген курч макалаларды жазып келген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги учурунда илең-салаң болгон аткаминерлердин жүрөгүнүн үшүн алган ал басылманы барактап, азыркыга чейин актуалдуу болгон макалаларын сунуштайт.

Бул ирет Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого арналган баяндарга көңүл бурмакчыбыз.

Facebook социалдык тармагынын баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Хайп, мем, дакфейс, челлендж... Соцтармактын "тилин" талдайбыз
"Чалкан" журналы союз маалында да, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин да окурмандарына сунушталып турган. Алсак, 2000-жылдагы экинчи чакырылыштагы депутаттарды шайлоо жараянын чагылдырып, ал кезде эл өкүлү болууну эңсегендердин мал-мүлкүн жарыялап, кетирген кемчиликтерин тизмектеген.

Мисалы, журналдын ошол жылдын башында чыккан санында Бакай Сексенбаев аттуу кабарчы "Шайлоо-майлоо, алдоо, арбоо" деген макаласын жазып, талапкерлердин буга чейин үгүт маалында жасаган былыктарын төмөндөгүдөй баяндаган.

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Чалкан" коомдук-саясий сатиралык журналы
Добушун чака-чайнек, шекер, арак-шарапка сатканда. Чалкан чаккан баяндар - Sputnik Кыргызстан
"Чалкан" коомдук-саясий сатиралык журналы

"Өткөн жолку шайлоодо койду айтпай эле коелук, жарыктык жылкынын эле канчасынын башы кесилди. Буга эсеп да жетпей калды. Ал эми ун, кант, арак, калем сап жана башка сувенирлерчи...

Ошентип шайлоо алдында жарыш өтө курч мүнөзгө айланды. Өйдөкү айыл, төмөнкү айыл болуп, кала берсе, берки көчө, аркы көчө болуп бөлүнүшкөндөрүчү. Ошол эле талапкер уруу-уруулар боюнча иш жүргүзүп, качанкы тааныш же жети атасын изилдеп жакындарын издешти. Уруулар аралык араздашуунун оту тутанды. Бири-бирин кемсинтүү, күчтүүсү күчсүзүнө, көпчүлүгү азчылыгына карата күч колдонуп беделин түшүрүүгө чейин барды. Бул гана эмес, эрегиштен эр өлөт деп ушундай шайтан оюндардын кесепетинен Түптө бир адамдын өмүрү кыйылганы унутула элек", — деп жазган ал.

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Чалкан" коомдук-саясий сатиралык журналы
Добушун чака-чайнек, шекер, арак-шарапка сатканда. Чалкан чаккан баяндар - Sputnik Кыргызстан
"Чалкан" коомдук-саясий сатиралык журналы

Ошол эки чакырылыштын талапкерлери шайлоочуларга бирден чайнек, алтыдан чыны, бир килограммдан кумшекер, мүшөктөп ун, арак-шарап таратканын эске салган. Так ошол талапкерлердин арасында азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков, мурдагы спикер Алмамбет Матубраимов, 2015-жылы өлкө бюджетине 30 миллион сомдук зыян келтирген делген Мамлекеттик каржы рыногун башкаруу жана көзөмөлдөө кызматынын мурунку жетекчиси Юруслан Тойчубеков да бар.

Андан сырткары, "чалканчылар" калк шайлаган эл өкүлдөрү жыйынынын депутаттарынын былыктарын, ээлик кылган мал-мүлкүн да тизмектеген.

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Чалкан" коомдук-саясий сатиралык журналы
Добушун чака-чайнек, шекер, арак-шарапка сатканда. Чалкан чаккан баяндар - Sputnik Кыргызстан
"Чалкан" коомдук-саясий сатиралык журналы

Анда ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Атамбаев ээлик кылган завод-фабрикаларды атап, ошол эле чакырылыштын депутаты Үсөн Сыдыковдун 1 миллион 675 миң сом, "Кыргызэнергохолдинг" ишканасынын мурдагы жетекчиси, ЖК депутаты Жамалбек Түлөбердиевдин кезинде кымырып алган 52 миллион сомун өлкө казынасына төлөгөндүгүн жар салган.

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Чалкан" коомдук-саясий сатиралык журналы
Добушун чака-чайнек, шекер, арак-шарапка сатканда. Чалкан чаккан баяндар - Sputnik Кыргызстан
"Чалкан" коомдук-саясий сатиралык журналы

Ал басылманын кызматкерлери парламенттегилердин чет өлкөгө чыгуусуна эле бир жылда казынадан бир миллион 893 миң сом, чет элдик меймандарды тосууга 1 миллион 827 миң 500 сом жумшалгандыгын кошумчалаган.

"Мисалы, 1996-жылдын 4-ноябрында тоскон 10 грузин коногу түнү менен 34 бөтөш арак, 55 бөтөш сыра, 44 бөтөлкө суу ичкен. Тамак-ашын эсептей келсең, алардын каягына батканына таң бересиң. Ал эми кийинки тоскон 40 кытай коногунун ар бири 4,5 бөтөлкөдөн арак ичкен, 130 бөтөш коньягы менен 20 бөтөш бальзамын шыпкаган. Баракелде...", — деп жазылат Кемел Белековдун макаласында.

Муну менен "чалканчылар" баягы эле чоң курсактардын арзыбаган акча, тамак-ашына алданбай, жарандык укукту жакшы пайдаланууга үндөгөн.

Кулагыбызга күмүш сырга...

Жаңылыктар түрмөгү
0