Садыр Жапаровдун портретин кармаган адам. Архив

Бакиевдин тушунда бир катар кызматта иштеген. Садыр Жапаров тууралуу 11 факты

1500
(жаңыланган 20:19 02.03.2020)
Бүгүн Бишкек шаарынын борбордук аянтына экс-депутат, абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоп, тарапташтары митингге чыкты. Алардын бийликтен Жапаровду бошотууну талап кылышууда.

Садыр Жапаров тууралуу көпчүлүктө кенен, толук маалымат жок. Жапаров саясат айдыңында кандай жолду басып өтүп, элдин эсинде эмнеси менен калганын Sputnik Кыргызстан агенттиги билип көрдү.

Дене тарбиячы. Садыр Жапаров 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Су айылында туулган. Орто мектепти 1986-жылы аяктап, Фрунзе шаарындагы Мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтуна тапшырган. Бир жылдан кийин Советтик Армиянын катарына чакырылып, кызмат өтөп келген. Андан соң кайра окуусун уланткан. Кийин ЖК депутаты болгондо юридикалык билим алган.

Дыйкан чарбадан ири ишканаларга чейин башкарган. 2005-жылга чейин Садыр Жапаров бир катар ишканаларды жетектеген. Алгач "Солтонкул" дыйкан чарбасынын жетекчиси, андан кийин "Кергей" нефть компаниясынын директору, 1996-жылы Ысык-Көл облустук ИИМдин атайын ротадагы инспектору болуп иштеген. 1997-жылдан 2001-жылга чейин мунай зат ташыган "Гузель" компаниясынын башкы директору, андан 2005-жылга чейин Балыкчы шаарындагы "Нурнефтегаз" мунай компаниясынын башкы директору кызматтарын аркалаган.

Саясатка карай жол. 2005-жылы Садыр Жапаров парламенттик шайлоого аттанат. Жапаровдун "Саясатка аралашкан 10 жыл" аттуу китебинде жазылгандай, анын шайлоого талапкер болушуна ошол кездеги бийлик каршылык көрсөтүп, Жапаровдун талапкерлиги тизмеден чийилип калган. Буга нааразы болгон жергиликтүү эл Түп — Кеген жолун тосуп салышкан. Тарапташтарынын күчү менен Жапаров кайра талапкер болуп катталып, Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңеште ал "Келечек" фракциясынын жетекчиси болчу. Бийлик башына Курманбек Бакиев келгенден кийин президенттин кеңешчиси болуп иштеген. Ушул эле бийликтин тушунда Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын мүчөсү, Мунапыс берүү боюнча комиссиянын жетекчисинин орун басары, Коррупцияны алдын алуу улуттук агенттигинин комиссары болуп эмгектенген. Айрым маалымат каражаттары "Каркыра жайлоосу Казакстанга сатылып кеткен мезгилде Жапаров Коррупцияны алдын алуу улуттук агенттигинин комиссары болуп иштеп турган. Ага чейин жайлоону коңшу мамлекеттерге бербейбиз деген саясатчы ал мезгилде унчукпай койгон" деп жазып чыгышкан.

Депутат Жогорку Кенеша Садыр Жапаров
© Фото / пресс-служба ЖК КР
2005-жылы ЖКга депутат болуп барган Садыр Жапаров экинчи революциядан кийин дагы, 2010-жылы парламентке эл өкүлү болуп шайланган. Бул ирет ал "Ата-Журт" идеалисттик демократиялык партиясынын тизмесинде эле.

Эки ирет ЖК депутаты болгон. 2005-жылы ЖКга депутат болуп барган Садыр Жапаров экинчи революциядан кийин дагы, 2010-жылы парламентке эл өкүлү болуп шайланган. Бул ирет ал "Ата-Журт" идеалисттик демократиялык партиясынын тизмесинде эле. Парламентте Жапаров соттук-укуктук маселелер боюнча комитеттин жетекчиси кызматын ээлеген. Бирок депутаттык креслодо көпкө кармалган эмес.

Ак үйдүн дарбазасынан секирүүгө аракет кылып. 2012-жылы Жапаров депутат болуп жүргөн учурда кесиптеши, "Ата-Журт" партиясынын жетекчиси Камчыбек Ташиев жана депутат Талант Мамытов менен "Кумтөр" маселеси боюнча каршылык акциясына чыгышат. Митингде Ташиев баштаган топ Ак үйдүн дарбазасынан секирип түшүүгө аракет кылган. Алардын иши Жогорку сотко өтүп, Ташиев, Жапаров, Мамытов мамлекеттик түзүлүштү кулатуу ниети менен өкмөт үйүн басып алууга аракеттенген деген айып менен 1,5 жылга кесилишкен. Жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн соң Жапаров чет өлкөгө чыгып кеткен. 2013-жылы ал депутаттык мандатын тапшырган.

Кумтөр маселеси, Саруудагы митинг. 2013-жылы Ысык-Көлдүн Саруу айылында "Кумтөр" алтын кенин улутташтыруу үчүн митинг өтөт. Маалыматтарга ылайык, бул митингди Садыр Жапаров каржылаган. Нааразычылык акциясынын катышуучулары ошол кезде Ысык-Көл облусунун губернатору болуп турган Эмил Каптагаевди баш кылып, бир катар адамды барымтага алышкан. УКМКнын 2017-жылы берген маалыматына караганда, аларды барымтага алуу боюнча Садыр Жапаров телефон аркылуу буйрук берип турган. Бул окуядан улам экс-депутатка Кылмыш-жаза кодексинин 227, 341, 113 жана 234-беренелери (Барымтага алуу, бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү, өлтүрөм деп коркутуу, бейбаштык) боюнча айып тагылган. Жапаров чет өлкөгө чыгып кеткенден кийин Европа, Кипр мамлекеттеринде болуп, кийин Россияда жашап жатканын ырастаган эле.

Арестованный политик Садыр Жапаров
© Sputnik / Расул Усеналиев
2017-жылдын 2-августунда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.

Кыргызстанга кайтары менен камалган. Чет жакта төрт жыл жүргөндөн кийин Садыр Жапаров Кыргызстанга кайтууну чечет. 2017-жылдын 25-марты. Саясатчынын келерин уккан тарапташтары бул күнү кыргыз-казак чек арасына жана Бишкектеги Максим Горький атындагы паркка чогулушкан. Бирок УКМК кызматкерлери аны Казакстандын чек арасынан өтөрү менен кармаган. Ага нааразы болгон тарапташтары "Жапаровго боштондук!" деп кыйкырып, УКМКнын алдына барып ызы-чуу чыгарышкан. Милиция асманга ок атканга чейин барган. Митингге чыккандарды укук коргоочулар таратып, 10го чукул адам колго түшүрүлгөн. 2017-жылдын 2-августунда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Кийин райондук соттун чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. Жогорку соттун сот коллегиясы 2018-жылдын июнь айында ишти карап, шаардык соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган болчу.

Камакта жатып кан тамырын кескилеп... Эки айга №1 тергөө абагына камакка алынган экс-депутат Садыр Жапаровдун колунун кан тамырлары кесилгендиги тууралуу маалымат тарайт. Мындан улам абактагы саясатчы ооруканага түшкөн. Кийинчерээк бул боюнча экс-депутат үн катып, мындай кадамга өзү барганын билдирген. Ал "шок абалында болчумун. Бычакты алып өзүмдү сайгылап салдым" деп видеобилдирүү тараткан.

Осужденный Садыр Жапаров на похоронах своей матери в селе Кен-Суу Тонского района Иссык-Кульской области
© Sputnik
Садыр Жапаров камакка алынгандан кийин атасынын абалы кескин начарлап кеткени айтылган.

Абакта жатып үч жакын адамынан айрылган. Садыр Жапаров камакка алынгандан кийин атасынын абалы кескин начарлап кеткени айтылган. 2017-жылдын сентябрында атасы Мустали уулу Нуркожо көз жумат. Бирок зыйнатына саясатчы бара алган эмес. 2019-жылдын март айында экс-депутаттын апасы Кадича Жапарова каза болот. Саясатчы энесине топурак салууга коё берилген. 2019-жылдын март айынын соңунда Жогорку соттун соттук коллегиясы Жапаровдун адвокаттарынын арызы боюнча кылмыш ишин кайра карап чыгып, анын жаза мөөнөтүн 1,6 жылга кыскарткан. Көп өтпөй, 2019-жылдын августунда Садыр Жапаровдун уулу Дастан Садыр уулу каза болгону кабарланат. Саясатчынын 27 жаштагы уулу мотоцикл менен келе жатып авария болгон. Улуу баласын акыркы сапарга узатууга Жапаров убактылуу коё берилген.

Президенттен ырайым сурап... Абакта жаткан мурдагы депутат Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбековго ырайым сурап кайрылган. Өлкө башчы жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынында бул маселе каралып жатканын айткан.

Үй-бүлөсү. Жубайынын аты — Айгүл. Жубайлардын төрт баласы бар. Жол кырсыгынан көз жумган Дастандан кийин Рустам аттуу уулу Польшадан билим алса, Нурдөөлөт жана Жанайым деген балдары Түркияда окуган деген маалымат бар.

Маалыматтар ачык булактардан алынды.

1500
Белгилер:
таржымал, депутат, саясатчы, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Садыр Жапаров абактан азыр чыкпайт. ЖАМК себебин түшүндүрдү
"Ала-Тоо" аянтына митингге чыккандар талап коюшту. Тизме
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев. Архив

Руслан Казакбаев Москвада ЖККУнун башкы катчысы менен жолукту

21
(жаңыланган 20:42 22.10.2020)
Руслан Казакбаев бүгүн эки күндүк иш сапары менен Россия Федерациясына кеткен. Анын жүрүшүндө министр россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бүгүн Москва шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Жамааттык коопсуздук жана кызматташуу уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась менен жолугушту. Бул тууралуу өлкөнүн РФтеги элчилигинен билдиришти.

Алар регионго, ошондой эле дүйнөгө терс таасир этип жаткан маселелер боюнча пикир алышып, ЖККУнун алкагындагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Казакбаев Кыргызстандагы ички саясий абалдын турукташканы тууралуу кыскача маалымат берип, учурдагы бардык саясий процесстер мыйзам талаасында болуп жатканын айтты.

Ошондой эле тараптар ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин келерки сессиясына даярдык тууралуу кеп кылышты.

Эске салсак, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бүгүн эки күндүк иш сапары менен Россия Федерациясына кеткен. Анын жүрүшүндө министр россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

21
Белгилер:
Станислав Зась, жолугушуу, ТИМ, Руслан Казакбаев, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Өзбекстандын премьер-министри телефон чалып, Садыр Жапаровду куттуктады
Шайлоо учурунда киши добуш берип жатат. Архив

Президенттик шайлоонун мөөнөтү жылдыбы? Түшүндүрмө

246
(жаңыланган 20:23 22.10.2020)
Бүгүн ЖК депутаттары парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзамын кабыл алды. Ага ылайык, кийинки шайлоо алты айдын аралыгында өтөт.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Президенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу маселеси карала элек, ал учурдагы конституция боюнча январь айында өтөт. Бул тууралуу парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну демилгелеген депутат Акылбек Жапаров билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн ЖК депутаттары парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзамын кабыл алды. Ага ылайык, кийинки шайлоо 2021-жылдын 1-июнуна чейин уюштурулушу керек.

"Биз бүгүн парламенттик шайлоонун гана мөөнөтүн жылдырдык. Президенттик шайлоо азыркы мыйзамдар боюнча үч айдын аралыгында, 10-январда же ошого жакын датада өтүшү керек. Бирок бүгүн кабыл алган мыйзам менен Конституцияны өзгөртүүгө жол ачылды", — деди Жапаров.

Депутат эгер Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өтө турган болсо, анын датасы президенттик шайлоодон мурун белгилениши керектигин кошумчалады.

Депутаттар кийинки парламенттик шайлоого чейин маяна албай иштей турган болушту

Ал ошондой эле жоопкерчиликти бир адамга берүү максатында алдыда элге парламенттик же президенттик башкарууга өтүү тандоосу коюлушу мүмкүндүгүн айтты.

246
Белгилер:
президенттик шайлоо, референдум, Акылбек Жапаров
Тема боюнча
Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзамын кабыл алды
Шайлоо босогосун азайтуу мыйзам долбоорун ЖК комитети үч окууда жактырды
Кыз парктта кол чатыр менен бара жатат. Архив

Жумага карата аба ырайы

0
23-октябрга караган түнү кээ бир өрөөндөрдө жана тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жума күнү, 23-октябрда, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +3…+8 градус, Таласта +2…+7 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5…+10 градус, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында 0…+5 градус болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, борбор калаада карга айланышы ыктымал. Күндүн табы Бишкекте +6…+8 градус, Ош шаарында +13…+15 градуска чейин жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

0
Белгилер:
Кыргызстан, октябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Жалал-Абад облусунун аймагында кайрадан жер титиреди