Ош шаардык кеңешине шайлоого катышууга 9 партия документ тапшырды. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековГолосование на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке
Голосование на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештен мандаты бар үч жана жаңы түзүлгөн төрт партия шайлоого аттанып жатканы белгилүү болду.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Ош шаардык кеңешин шайлоого катышууга тогуз партия документ тапшырды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга БШКнын Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эрали Арыкбаев билдирди.

Анын айтымында, документ тапшыруу мөөнөтү кечээ, 2-мартта, аяктады. Эми шайлоо комиссиясы 10 күндүн ичинде карап чыгып, талапкер катары каттап, ат салышууга укук берет. 13-марттан тарта үгүт иштери башталмакчы.

Документ тапшырган партиялардын тизмеси:

  • "Бир Бол";
  • "Биримдик";
  • "Бирик";
  • "Кыргызстан";
  • "Мекеним Кыргызстан;
  • КЛДП;
  • Өнүгүү — Прогресс;
  • Улуу Журт;
  • Эмгек.

Белгилей кетсек, Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо 12-апрелге белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0