Шаардык кеңештердин шайлоосуна катышуу ниетин билдирген 22 партиянын тизмеси

Жазылуу
12-апрелде Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок жана Майлуу-Суу шаардык кеңештерине шайлоо өтөт. Төрт партия беш шаардык кеңешке тең катышууга белсенүүдө.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Беш шаардык кеңешке шайлоого катышууга 22 партия документ тапшырды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Белгилей кетсек, 12-апрелде Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок жана Майлуу-Суу шаардык кеңештерине шайлоо өтөт.

Шайлдабекова кечээ документтерди кабыл алуу мөөнөтү соңуна чыкканын белгиледи. Ал ошондой эле БШКнын өкүлдөрү 13-мартка чейин документтерди карап, талапкерлерди каттап, ат салышууга укук берерин айтты.

Маалыматка караганда, төрт партия беш шаардык кеңешке тең катышууга белсенүүдө. Ал эми төрт партия үч шаарга, дагы төрт партия эки шаарга, калган 10 партия бир эле шаарга катышуу ниетин билдирген.

Ош шаардык кеңеши:

  • Эмгек;
  • Бир Бол;
  • Мекеним Кыргызстан;
  • Өнүгүү — Прогресс;
  • КЛДП;
  • Биримдик;
  • Кыргызстан;
  • Улуу Журт;
  • Бирик.

Майлуу-Суу шаардык кеңеши:

  • Өнүгүү — Прогресс;
  • Замандаш;
  • Элмурас;
  • Мекеним Кыргызстан;
  • Ата Мекен;
  • Кыргызстан;
  • Биримдик;

Балыкчы шаардык кеңеши:

  • Табылга;
  • Замандаш;
  • Мекеним Кыргызстан;
  • Өнүгүү — Прогресс;
  • Улуу-Журт;
  • Биримдик;
  • Ата-Журт;
  • Кыргызстан;
  • Эмгек;
  • Социал-демократтар;
  • Мекен Ынтымагы.

Каракол шаардык кеңеши:

  • Өнүгүү — Прогресс;
  • Кыргызстан;
  • Бирик;
  • Замандаш;
  • Биримдик;
  • Улуу-Журт;
  • Мекеним Кыргызстан;
  • Ак-Шумкар;
  • Улуу Кыргызстан;
  • Мекен Ынтымагы;
  • Республика;
  • Табылга;
  • КЛПД;
  • Кыргызстан жашылдар партиясы.

Токмок шаардык кеңеши:

  • Биримдик;
  • Эл биримдиги;
  • Эмгек;
  • Ата Мекен;
  • Мекеним Кыргызстан;
  • Афган согушунун ардагерлери жана башка согуштук жаңжалдардын катышуучулары саясий партиясы;
  • Өнүгүү — Прогресс;
  • Кыргызстан;
  • КЛПД.
Жаңылыктар түрмөгү
0