Путин менен Эрдоган Идлибдеги согуштук аракеттерди токтотууну макулдашты

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүКремлде Россия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин жана Режеп Тайип Эрдогандын жолугуш убагында. 05 март 2020 жал
Кремлде Россия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин жана Режеп Тайип Эрдогандын жолугуш убагында. 05 март 2020 жал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчылары Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча биргелешкен документке кол коюшту. Путин сүйлөшүүлөр Идлибдеги кырдаалды жөнгө салуунун негизи болоруна ишенерин билдирди.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кремлде Россия менен Түркиянын президенттери - Владимир Путин жана Режеп Тайип Эрдогандын алты саатка созулган сүйлөшүүсү аяктаганын РИА Новости жазды.

Жолугушууда Идлибде курчуп кеткен кырдаал талкууланды.

Мамлекет башчылары Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча биргелешкен документке кол коюшту. Аны эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери маалымат жыйында окуп беришти.

Келишимде төмөнкүдөй пунктулар каралган:

  • 6-март күнү түн ортосунан тарта чектешкен жердеги бардык согуштук аракеттерди токтотуу;
  • Россия менен Түркия Сирияда М-4 жолунун түндүгүнөн тарта түштүгүнө чейин туурасы алты чакырым болгон коопсуздук далисин түзүшөт;
  • Россия менен Түркия 15-марттан тарта М-4 жолун биргеликте күзөтө баштайт.

Путин сүйлөшүүлөр Идлибдеги кырдаалды жөнгө салуунун негизи болоруна ишенерин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында россиялык лидер Москва Анкаранын Сирияда болуп жаткан окуяларга берген баасына дайыма эле макул эместигин, бирок кооптуу учурларда тараптар тил табыша аларын кошумчалаган.

Мамлекет башчылар террорчулук менен күрөшүүдө алсыздыкка жол бербөө керектигин белгилешип, Сирия боюнча Астана форматынын алкагында кызматташууну макулдашкан.

Идлибдеги кырдаалдын курчушу

"Хайят Тахрир аш-Шам" уюмунун террорчулары 27-февраль күнү Сирия армиясына чабуул баштаган. Өкмөттүк күчтөр жооп кайтарган болчу. Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, аткылоого ал жерде жүрбөшү керек болгон түркиялык аскерлер да тушуккан.

Идлибде террорчулар менен Түркиянын посттору аралашып кетти - Sputnik Кыргызстан
РФ: Идлибде террорчулар менен Түркиянын посттору аралашып кетти
Натыйжада Түркиянын 36 аскери каза тапканы айтылган. Россия тарап Сирия армиясынын аткылоосун токтотуп, көз жумгандардын сөөгү менен жарадар болгондорду Түркия аймагына эвакуациялоого шарт түзүп берген. Коргоо министрлиги аталган аймакта россиялык авиация колдонулбаганын белгиледи.

Анкара буга жооп кылып Сириянын түндүк-батышында "Жазгы калкан" деп аталган жаңы аскердик операциянын башталганын жар салган.

Тышкы иштер министри Сергей Лавров Анкара Идлиб боюнча бир катар милдеттемелерин аткарбай койгонун айткан болчу. Мында Түркия оппозициянын өкмөт менен сүйлөшүүгө даяр бөлүгүн террорчулардан бөлбөй койгону айтылды.

Самолеты-истребители F-5, пилотажной группы ВВС Турции - Sputnik Кыргызстан
Россия Сириядагы түрк авиациясынын коопсуздугуна кепилдик бере албайт
2018-жылдын 18-сентябрында Россия менен Түркиянын ортосундагы макулдашуу эки президенттин жолугушуусунан кийин түзүлгөн. Анда Идлиб аймагындагы бардык террордук радикалдык топторду 2018-жылдын 15-октябрына чейин чыгаруу милдетин алып, Түркия аскерлерине артыкчылыктуу укуктар берилмек.

Мындан тышкары, документте аталган аймактын чек арасында "согуштук аракеттерди токтотууну камсыздоо үчүн натыйжалуу чаралар" көрүлөрү белгиленген. Ал эми меморандумдун жетинчи пунктунда бул райондо Россия менен Түркиянын биргеликте көзөмөл жүргүзүүсү каралган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0