Өкмөт: кыргыз-казак чек арасы жабылбайт

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандык кесиптеши Аскар Мамин менен жолугушуу учурунда. Архив
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандык кесиптеши Аскар Мамин менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Алар өзгөчө товарлардын чек арадан тоскоолдуксуз өтүүсүнө көңүл бурушту.

БИШКЕК, 14-мар. – Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев казакстандык кесиптеши Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашкан.

“Өкмөт башчылар эки өлкөнүн жарандары жана товарлар чек арадан тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү жайларынын мындан ары да ырааттуу жана макулдашылган ишин камсыз кылуу боюнча маселеге өзгөчө көңүл бурушту”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле кыргыз-казак чек арасы аркылуу жүк ташуу үчүн эч кандай тоскоолдуктар жок экендиги белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0