Кыргыз өкмөтү бүгүнтөн тарта күнү-түнү иштей баштайт

© Фото / пресс-служба ЖККыргыз Республикасынын өкмөту
Кыргыз Республикасынын өкмөту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абылгазиев жарандарды эл чогулган жерден оолак болууга чакырды. Ал ошондой эле элдин коопсуздугун сактоо үчүн өкмөт күн-түн дебей кызмат кыларын белгиледи.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү коронавируска каршы күрөшүү үчүн бүгүндөн тартып дем алышсыз күнү-түнү иштейт. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев брифинг учурунда билдирди.

Өкмөт башчы коронавирус коңшу Казакстан менен Өзбекстанга жеткенин белгилеп, Кыргызстан коргонуу боюнча ыкчам аракеттерди көрүп жатканын айтты.

" Каатчылык менен күрөшүү үчүн өкмөт бүгүндөн баштап дем алышсыз, күчөтүлгөн режимде иштейт. Өкмөт мүчөлөрүнө, мамлекеттик органдардын жетекчилерине, орун басарларына, акимдер менен облус башчыларга эс алмай жок. Күн-түн дебей элибизге кызмат кылууга даяр болобуз", — деди Абылгазиев.

Соңунда өкмөт башчы өлкөдө коронавирус жуктурган бир дагы факт катталбаганын эскертти. Ошол эле учурда жарандарды эл чогулган жерден оолак болууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0