БШК: шайлоону жылдырууга укуктук негиз жок

© Sputnik / Табылды КадырбековХод выборов президента Кыргызстана в Бишкеке
Ход выборов президента Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12-апрель күнү Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге, ошондой эле Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок жана Майлуу-Суу шаардык кеңештерине шайлоо пландалган.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Учурда шайлоону жылдырууга укуктук жактан эч кандай негиз жок. Мындай пикирин Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

12-апрель күнү Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге, ошондой эле Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок жана Майлуу-Суу шаардык кеңештерине шайлоо пландалган. Бирок бүгүн, 18-мартта, Жалал-Абаддын Сузак районунда коронавирус жуктургандар аныкталып, ал жакта өзгөчө кырдаал киргизилди.

Анын айтымында, учурда БШК шайлоого даярдануу иштерин жүргүзүп жатат.

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо тууралуу" мыйзамга ылайык, өлкө боюнча же белгилүү бир аймакта өзгөчө же аскердик абал жарыялаганда гана шайлоо жылдырылат. Шайлоону токтотууга азырынча укуктук негиз жок", — деди Бекматов.

Директор Департамента профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора Минздравоохранения КР Толо Исаков - Sputnik Кыргызстан
Исаков: карантинге депутат, министрлердин туугандары алынууда
Маалыматка караганда, аталган мыйзам боюнча жергиликтүү кеңештерге шайлоо белгиленген учурда өткөрүлүшү шарт.

Учурда Кыргызстанда аталган шаарларда жана бир нече айылдарда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык өнөктүгү жүрүп жатат.

Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан жана Телеграм-каналдан окуй аласыздар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0