Жээнбеков менен Токаев коронавирустун алдын алуу чараларын талкуулашты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жнКазакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуу учрунда. Архив
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жнКазакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуу учрунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, үчүнчү өлкөлөрдөн кайтып келип жаткан Кыргызстан жарандарынын Казакстандын аймагында болушу жана транзиттик өткөрүү маселелери талкууланган.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бүгүн, 19-мартта, президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, президенттер коронавирустун алдын алуу жана аны жайылтпоо боюнча биргелешкен чараларды талкуулашкан.

"Кыргызстан менен Казакстандын президенттери эки өлкөнүн соода-экономикалык, социалдык, каржылык жана транспорттук чөйрөлөрүндө коронавирустан улам терс кесепеттерди жеңип чыгуу боюнча көрүлүп жаткан аракеттерге өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдөн кайтып келип жаткан Кыргызстан жарандарынын Казакстандын аймагында болушу жана транзиттик өткөрүү маселелери талкууланды", — деп айтылат маалыматта.

Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандан Россияга учкан каттамдар токтотулду. Дагы башка рейстердин тизмеси
Жээнбеков Токаев коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүү боюнча биргелешкен, координацияланган чараларды улантуу зарылдыгын белгилешкен.

Кечээ, 19-мартта, Казакстандын аэропортунда Индиянын Дели шаарынан келе жаткан кыргызстандыктар чыга албай кармалып калган. Тышкы иштер министрлиги казак тарап менен кыргызстандыктарды алып чыгып кетүү жөнүндө макулдашкан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0