Талибандардын отряддары. Архив

Кандуу элдешүү. Талибдер Борбор Азияга аттанышы мүмкүнбү?

427
Талибдер менен америкалык тынчтык орнотуу эксперименттери Афганистандагы кырдаалды дагы олку-солку кылып, коңшу Борбор Азиянын өлкөлөрүнө да жаңы коркунуч жаратат.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленко афгандын март айындагы "ички диалогунун" өнүгүшү так эле согуштук аракеттердин эскалациясындай көрүнөрүн айтты.

29-февралда АКШ "Талибан" менен тынчтык келишимин түзүп, Афганистандан өз аскер күчтөрүн чыгарууну баштады. Бирок республикадагы кандуу жарандык согуш жаңы күч менен тутанууда.

Талибдер активдүү согуштук аракеттерди жүргүзүп, 34 провинциянын жыйырма жетөөнөн өкмөттүк куралдуу күчтөрдү сүрүп чыгарууга ниеттенген. "Талибандардын" отряддары аталган республиканын жети, түндүк провинциянын административдик борбору Кундузду (Тажикстан менен чектеш жерден 50 чакырым ыраакта) да кошо, ири шаарды курчоого алды. Ошону менен бирге эле Вашингтон Кабулдан камакка алынган талибдерди бошотууну тездетүүнү талап кылууда. Биринчи баскычта – беш миңдин тегерегиндеги согушкер. "Талибандар" бул кишилер бошотулмайынча афгандар аралык диалог мүмкүн эмес деп эсептешет. Ал эми алар менен Афганистандын провинцияларында ушундай бир "диалог" тутанып, коңшуларга абдан кыйын жагдай жаралышы ыктымал.

Адегенде Афганистан ислам республикасынын президенти Мохаммад Ашраф Гани камактагыларды бошотуу боюнча АКШга талибдер менен макулдашуу укугун берүүдөн таптакыр баш тартып келген, бирок кийинчерээк бир аз жумшарган (себеби кыжырданган Вашингтон Афганистандын мамлекеттик структураларын каржылоону кыскартып салышы мүмкүн). Эми Ашраф Гани убакытты созууда, "ченем менен мунапыс берүү" форматында 18-мартка чейин бир дагы согушкер бошотулган жок, президентти да түшүнүүгө болот. Америкалыктар менен кол алышканы талибдер террорчу болбой калышпады. Макулдашуу аларга өлкөсүнүн мыйзамдуу өкмөтүнө каршы күрөшүүгө тыюу салбайт.

Жакшы максатты – ИМ* террорчул тобунун келгиндери менен күрөшүүнү жарыялаганы менен "Талибан" мыйзам сүйөр жарандарды өлтүргөнүн койбойт. Өткөн эле "элдешүү" аптасында өлкөдө 23 аскер кызматкери, 3 жай жаран набыт болду.

Жаңы "керемет" дүйнө

16-мартта Мазар-Шарифте (Балх түндүк провинциясынын административдик борборунда) жарылуу катталып, анда полиция кызматкерлери шейит болду. Афганистанда күн кур эмес 30 аскер жана полиция кызматкери набыт болот. Мындай кайгылуу, кооптуу статистика жалпыга дайын.

Ошондой болсо да Вашингтон 135 күн аралыгында (эсеп 29-февралында башталды) Афганистан ислам республикасындагы өз күчтөрүнүн санын 12 миңден 8,6 миңге чейин кыскартат. Кийин, талибдер зомбулукту токтотушса, АКШнын жана союздаш өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн чыгарылышы улантылмакчы. Жаңы дүйнөнүн схемасы реалдуулуктан ыраак. Талибдер менен макулдашууга кол коюуга дейре, февраль айында эле америкалык куралдуу аба күчтөрү согушкерлердин үстүнө 360 аба бомбасын таштаган. Ал эми сүйлөшүүлөр жүргүзүлө баштагандан бери (2018–2019-жылдары) Кошмо штаттардын авиациясы Афганистанда 14 миң аба бомбасын пайдалана активдүү согуштук аракетте болгон. Ынандыруунун мындай ыкмалары жана аргументтери талибдер менен тил табышуусунун негизиндеги афган дүйнөсүнүн бекемдигинен шек саноого түртөт.

Афганистандагы АКШ жана НАТОнун аскер базалары жана бөлүмдөрү кайсы бир даражада "Талибандын" аракеттеринин эркиндигин чектейт. Америкалыктар менен келишими террорчулардын колун байлайт, ал эми кандайдыр купуя протоколдору мамлекетти кайра түзүүгө карт-бланшты (толук укукту) эске салат. Талибдер Афганистан ислам республикасында бийлигин орнотуу үчүн эч тилге келбей, аёосуз куралдуу күрөштү улантып келишет. Айрыкча, аларды Кабулдагы 1996-жылкы тарыхый окуя шыктандырат.

Тынчтыкты ойлогон талиб же талиб-парламентарийлер жеке менин пикирим боюнча, принцибинде жок. "Талибандын" жашоо жөндөмдүүлүгү афган жергесиндеги чет өлкөлүктөргө, алардын колунда оюнчук болгон бийликке, батыштык жашоо үлгүсүнө каршылык көрсөтүү өңдүү жөнөкөй демилгелерге негизделген.

"Талибандын" стратегиясы — террордук жихад, бул тутум башаламандык шартында гана туруктуулукту сактайт. Эгер стратегиясын өзгөртүп, күч колдонууну токтотсо, идеялык биримдиги жоголот (1992-жылы моджахеддер колго алганда бийликти бөлүшө албай күйүп кетишкен), экономикалык база (эгер согуш болбосо, афгандыктын колундагы акыркы оокатынан бөлүшүп эмне кереги бар?), мобилизациялык ресурстар (жаштарды күрөшүү сезими кызыктырат) жана андай шартта согуштук-диний кыймыл урап түшөт.

Экспансия — мезгилдин ишиби?

Талибдер жолдун жарымында токтоп калышпайт, америкалык президент Дональд Трамп "Талибандын" лидери менен сүйлөштүм, жакшы баарлаштык" деген билдирүүсү менен ал аймакта "саат механизми менен аракетке келчү бомбаны" коюп жатат.

"Талибан" тобунун америкалыктар менен келишими – АКШга жана союздаштарына кадырсыз, 19 жылдык афган кампаниясынан тынч чыгып кетишин жана Афганистан ислам республикасына узакка созула турган катуу зомбулукту, орто кылымдагы жашоо образына сүңгүүнү кепилдеген тактикалык айласы.

Бүгүн талибдер Афганистанда үстөмдүк кылат, коңшу өлкөлөрдүн аймактары жана ресурстарына кызыкпагандай. Бирок эртеңчи? Эске салсак, Кошмо штаттар менен тынчтык келишимин талибдердин бардыгы эле колдой берген жок, согуштук-диний кыймылдын тилге келбеген айрым мүчөлөрүнүн көңүлдөрү калып, ал эми мындан тышкы оюнчулар пайдаланып кетүүдө. Провинциянын губернатору Кунар Абдул Саттар Мирзаква пакистандык мекемелер аралык чалгыны (ISI), "Аль-Каида" * жана "Ислам мамлекети" топторунун өкүлдөрү тарабынан талибдерди азгырууга активдүү аракеттери тууралуу кабарлаган.

Коңшунун үйүндөгү жалын Борбор Азиянын Афганистанга чектеш өлкөлөрүнүн тынчтыгын жана коопсуздугуна коркунуч туудурбай койбойт. Өрт жайылып кетиши ыктымал. Ар кандай баалар боюнча, "Талибандын" эле катарында 10 миңден 15 миңге дейре чет элдик жарандар, анын жарымынан кем эмеси — Тажикстан, Өзбекстан, Казакстандан чыккандар.

Алар мекенге өздөрүнүн экстремисттик демилгелери жана согуштук тажрыйбалары менен бирге кайтат. Бир өлкөдөгү террордук топтун жеңиши диний жана этникалык жактан жакындыгы бар коңшу мамлекеттерде да андай "ийгиликти" кайталоо механизмин ишке киргизет.

Мындан тышкары, Афганистандын түндүк провинцияларда "атаандашкан" ИМ террордук тобунун таасири дале кайсы бир деңгээлде сакталууда жана чет мамлекеттердин колдоосун алып келет. Бул уюмдун бүлүндүрүүчү идеологиясын, көп жылдык согуштук тажрыйбасын жана каржылык мүмкүнчүлүгүн этибарга албай коюшка болбойт.

"Ислам мамлекетинин" 6-марттагы чабуулунун натыйжасында Кабулда 29 киши набыт болуп, 61 адам жараланган. "ИМдин ишин бүтүрдүк" деген Ашраф Ганинин билдирүүсү көбүнесе пропагандалык мүнөзгө ээ. Кээде ИМ согушкерлердин ордуна алардын үй-бүлөлөрү бийликке "багынып" бергени мамлекеттик статистиканы жакшыртканы менен террордук кооптуулуктун деңгээлин төмөндөтпөйт. Ондогон жылдардан бери Афганистан бөлөкчө реалдуулукту көрө элек.

* Россия, Кыргызстан жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюмдар

427
Белгилер:
согуш, АКШ, Афганистан
Тема боюнча
АКШ Россияны түрк аскерлеринин өлүмүнө күнөөлөдү. Эч кимдин кылы кыйшайбайт
Крымдын Прибалтика тагдырын кайталарына ишенген АКШ. Узакка созулган күтүү