Катасы көп кат жазган төраганын кеңешчиси ЖК аппаратына жетекчи болду

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаРуководителем Аппарата ЖК Алмазбек Сабырбеков
Руководителем Аппарата ЖК Алмазбек Сабырбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин аталган кызматты аркалап келген Саматбек Ибраев 23-марттан тарта өз каалоосу менен жумуштан бошотулган.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Алмазбек Сабырбеков Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка ЖК төрагасы Дастанбек Жумабеков кол койгон.

Доступ к интернету в КР - Sputnik Кыргызстан
Төраганын премьерге жазган катасы көп каты. Жогорку Кеңеш үн катты
Буга чейин аталган кызматты аркалап келген Саматбек Ибраев 23-марттан тарта өз каалоосу менен жумуштан бошотулган.

Жаңы жетекчи Сабырбеков 2017-2019-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси болуп эмгектенген. Ошол учурда төраганын атынан премьер-министрге жазылган расмий катты бир нече катасы менен жазып жөнөткөнү үчүн өткөн жылдын 6-мартында кызматтан алынган болчу.

Бирок андан кийин төраганын жардамчысы болуп азыркыга чейин иштеп жатканы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0