БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Германия өнүктүрүү банкынан (KfW) 22 миллион евро кредит, 5 миллион евро грант алуу мыйзамына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
2017-жылдын 18-сентябрында Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган "Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо" долбоору боюнча Кыргызстан менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан 20-февралда кабыл алынган болчу.
Аталган мыйзамдын биринчи этабында Кыргызстан 9 миллион евро грант алган. Ал эми экинчи этабында 22 миллион евро кредит, 5 миллион евро грант алынары күтүлүүдө. Насыя 12 жылга берилет, жеңилдетилген мөөнөтү — үч жыл.
Мындан сырткары, маалыматта Экономикалык кызматташтык боюнча Швейцария мамлекеттик катчылыгынан грант түрүндө үч миллион Швейцария франкын алуу пландалып жатканы айтылат.