Чоң жыйырманын (G20) саммити

G20 саммити: мушкетёрлордун мыйзамына ылайык аракетпи?

104
(жаңыланган 13:56 28.03.2020)
Россия Федерациясынын Каржы университетинин саясат таануу департаментинин доценти Геворг Мирзаян "Чоң жыйырманын" саммитинен кийинки ойлорунан бөлүштү.

"Чоң жыйырманын" (G20) саммити быйыл өзгөчө өттү. Кеп 26-мартта бул жыйын онлайн режимде өткөнүндө гана эмес. Дүйнөнүн үлкөн өлкөлөрү биз дүйнөдө мындан ары кантип жашай турганыбызды чечүүгө тийиш эле: ар ким керт башына жооп берип, өзүнчөбү же "бирөө баары, баары бирөө үчүн" деген ааламдашкан дүйнөдөбү?

"Төө көрдүңбү — жок, бээ көрдүңбү — жок" заманбы?

Мурунку дүйнөнү коронавирус жок кылды. Кеп бул илдеттин адамзат үчүн кооптуу болгонунда эмес, бул зомби-апокалипсистин да деңгээлине караандабайт. Мурунку дүйнө коронавирустун салыштырмалуу орточо коркунучу эле ааламдашууну тизелетип койгонунан жок болду, ошондой эле "орток тагдыр" туурасындагы бардык дубалардын баарын жокко чыгарды. Көйгөй менен биргеликте күрөшүп, адамдарга жана экономикага тийгизген кесепетин азайтуу үчүн чогуу жол издөөнүн ордуна дээрлик бардык өлкөлөр "Төө көрдүңбү – жок; бээ көрдүңбү – жок" деген позицияны карманууну туура көрүштү. Чек араларын жапты, алтургай интеграциялык блоктун алкагындагы союздук мамиледе турган жакын коңшуларынан да обочолонушту.

Акылга сыйбас көрүнүшкө да күбө болдук, европалык мамлекеттердин ичинен вирустан эң көп жабыркап турган Италияга башта Евробиримдиктин лидерлери болгон Германия менен Франция эмес, Россия, Кытай жана европалык иштерден дегеле оолак Куба жардамга кол сунду.

Айрым мамлекеттерде коронавирус капсалаңы цивилизациянын үстүңкү катмарын жууп кеткендей, алар өнөктөштөрүн түз эле шантаж кылуудан да артка кайтышпады. Анын ичинде, туристтердин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Черногория Москва өз эсебинен черногориялыктардын баарын мекенине кайтармайынча россиялык меймандарын чыгаруудан баш тартып туруп алды.

Үлкөн өлкөлөрдүн лидерлери катташпай калуунун даражасын эбак баалап, ошондой эле ар ким өзүнө гана жооп берген дүйнөдө канчалык кыйын болорун боолголоп көргөн өңдөнөт. Ошондуктан "Чоң жыйырманын" милдети – өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан дүйнөнүн бардык лидерлери, өзүнчө бир "Жердин директорлор кеңеши" чогулган структуралар буга чейинки кетирген катачылыктарды оңдоп, акыры көйгөйдү биргеликте чечүү болду.

Бул ирет саммит АКШнын (эбак дүйнө лидерлигинен тайган, анан калса, коронавирус менен күрөшүүдө натыйжа көрсөтө элек – илдетти жуктургандардын саны боюнча Америка биринчи орунга чыкты жана ал жакта эпидемиянын пигине чейин али көп бар) жетекчилигинде эмес, дал G-20 өлкөлөрүнүн бирдиктүү лидерлиги алдында өттү.

Саммиттин номиналдык кожоюну, саудиялык король Салман айткандай, "биз күчүбүздү бириктирип, чогуу аракет кылуу үчүн чогулуп турабыз". Бирок коронавирусту гана жеңүү үчүн эмес (Ирандын Россиядагы элчиси Казем Жалали таамай белгилегендей, "эгер эпидемияны бир өлкөдө жеңе албасак, башка эч бир өлкө өзүн коопсуз сезе албайт")...

Үлкөн өлкөлөрдүн алдында өтө олуттуу – илдет эпидемиясынын (жана анын айланасындагы кыйсыпырдын) дүйнөлүк экономикага тийгизген кесепетин жоюу маселеси турат.

Адистер чыгымды эсептөөдөн азырынча чочулап турушат, бирок алар жүз миллиарддаган, алтургай, триллиондогон долларды түзөрү түшүнүктүү болуп калды. Россиялык президент Владимир Путиндин айтымында, "жаңы коронавирус пандемиясына байланышкан учурдагы көйгөйлөр 2008-2009-жылдагы каржылык каатчылыктагыдан да масштабдуу зыянга учуратат".

Албетте, мунун эпкини, айрыкча, ошол эле Батыштын өз экономикасын сактап калуу далалатындагы айрым өзүмчүл чараларынан улам тушалчу өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө тиет. "Эч бирибиз протекционисттик же бир тараптуу саясат жүргүзүүгө акыбыз жок", – дейт ынанымдуу түрдө түркиялык президент Режеп Тайип Эрдоган.

Арбын кеп

Жыйындын өзү жабык өттү, ал эми жыйынтыгында узун декларация кабыл алынды. Анда "Чоң жыйырма" мамлекеттери эпидемияга каршы күрөшүп, биргеликте ага вакцина табууга умтулуу, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун колдоого алып, дүйнөлүк экономиканы колдоого каражат салууга баарын үндөө камтылды.

Бирок анда жазылбаганы – реалдуу, дүйнөлүк экономиканы куткаруу боюнча жана анын прагматизациялоодо кайсы бир деңгээлде революциялык чаралар, Владимир Путин так белгилегендей, дүйнөлүк экономиканы "саясий кабыгынан" тазалоо. Маселен,

Москва менен Тегеран Батышка ушундай кыйчалыш кырдаалда саясий негиздеги экономикалык санкциялардан баш тартууну, же жок дегенде вирустан жабыркаган өлкөлөр (ошол эле Иран) зарыл дары-дармекти жана жабдууну тоскоолдуксуз сатып ала тургандай кылып жеңилдетүүнү сунуштады.

"Каатчылык маалында дары-дармек, азык-түлүк, жабдуу жана технологияларды өз ара ташуу-жеткирүү үчүн соода согушунан жана санкциялардан эркин болгон "жашыл коридорлорду" түзүү чоң мааниге ээ. Негизи биз эң зарыл товарларга, ошондой эле аларды сатып алуу үчүн каржылык транзакцияларга карата чектөөлөргө шериктеш мораторий киргизүүгө тийишпиз, - деп белгиледи Путин. – Акыры бул адамдардын өмүр менен өлүм маселеси, бул нагыз гуманитардык көйгөй".

Бирок россиялык президенттин сунушу кабыл алынбады, анын ордуна АКШ санкцияларды күчөтүп гана тим болот, америкалык атайын өкүл Брайан Хуктун айтымында, "ирандык режимге болушунча кысым көрсөтүү саясатын улантат". Бул менен дагы бир ирет жаңы реалдуулуктарды аңдай билбегендикти жана каатчылыктан кийинки дүйнөгө тынчтыкты орнотууга даярдыгынын жоктугун айгинелешет.

Дагы бир маанилүү орток жооп – мунайдын баасын турукташтыруу болмок эле. Бирок тараптар бул турукташтыруунун ыкмалары боюнча али тил табыша элек. Бир катар өлкөлөр жана серепчилер бул процесстин ачкычы Владимир Путиндин колунда экенине, Москва ОПЕК+ уюмуна кайтып, мунайды казууга чектөөнү ыктыярдуу түрдө колдоого тийиш деген ойго ынанышат. Бөлөк серепчилер мурдагы шарттарга кайра кайрылуунун кажети жок деген көз карашта.

ОПЕК+ өлкөлөрү тарабынан өндүрүштү кыскартуу мунайдын баасын америкалык сланецчилерге төп келген деңгээлге дейре жогорулашына алып келет. Алар өз кезегинде ОПЕК+ мүчө өлкөлөрдүн үлүшүнүн кыскарышынын эсебинен дүйнөлүк рынокто өз үлүштөрүн көбөйтүп келишет. Бул натыйжада сунуштун өсүшүнө, баанын төмөндөшүнө, ОПЕК+ өлкөлөрүнүн өндүрүштү дагы кыскартышына тушуктурат, ошентип, кайталанып жүрүп отурат.

Ошондуктан көйгөйдү чечүүчү ачкыч чындыгында Сауд Аравиясынын (баа демпингин токтотушу керек болгон өлкө) жана АКШнын (компаниялары цивилизациялуу иш алып барууга тийиш мамлекет) колунда. Вашингтон да, Эр-Рияд да азырынча бул ачкычтарды пайдаланууга даяр эмес, ошол себептен, расмий маалыматтарга таянсак, "Чоң жыйырманын" саммитинде мунай баасы тууралуу маселе талкууланган эмес. Бул менен G20 өлкөлөрүнүн бир катары "саясий кабыгы" жок дүйнөдө жашоого даяр эместигин дагы бир ирет тастыкталды.

104
Белгилер:
Мунай, Иран, Россия, Сауд Аравиясы, АКШ, санкциялар, жыйын, саммит, коронавирус
Тема боюнча
Мунай россиялык газдын да баасын түшүрөбү? Серепчинин ой толгоосу
Жаңы универсалдык модулдуу Т-15 Армата. Архивдик сүрөт

Дүйнөдө Т-15 "Арматанын" теңдеши жокпу? Cууга чөкпөс, отко күйбөс курал

192
(жаңыланган 17:31 06.06.2020)
Россия курал-жаракты иштеп чыгуу жана өндүрүү тармагында алдынкы сапта. "Армата" платформасынын базасындагы жөө аскерлердин оор машинасы (БМП) – технологиялык сапаттуу секирик.

Жаңы аскердик көлүккө дүйнөлүк курал рыногунда суроо-талап артары турулуу иш.

Москвада 24-июнда өтө турган Жеңиш парадына аскердик техниканын алдынкы үлгүлөрүнүн катарында аралыктан башкарылуучу "Кинжал" жаңы универсалдык модулдуу Т-15 "Армата" дагы катышат (14 чакырымдан ашуун аралыктан душманды жок кылат, 57 мм. куралдын ок атуу ыкчамдыгы – мүнөтүнө 80 жолу ок чыгарат). Ушул тапта бул – планетадагы эң кубаттуу жана сооттолгон жөө аскерлердин кубаттуу куралы экенин белгилейт аскерий серепчи Александр Хроленко.

Чынжырлуу платформадагы "Армата" жөө аскерлерди жеткирүү жана алдынкы крайдагы күчтөрдү ок атуу менен колдоону киргизүүгө багытталган. Курал-жарак, маневрдүүлүгү жана коргоо тутуму жөө аскердин кубаттуу көлүгү Т-15тин танк менен бир катарда от чачууга мүмкүндүк берет. Ошону менен катар пехоталык аскердик оор машинасынын жасалышы өзүнөн мурун чыккан Т-14 танкынан айырмаланат.

Кыймылдаткычы маңдай жагында, ортосунда башкаруучу, артында десанттык бөлүгү жайгашкан. Курал-жарак жана ок-дары аралыктан башкарылчу таптакыр киши отурбаган мунарасында орнотулган.

Анын ички жана кыймыл тутумунун уюштурулушу экипажга жана десантка үч сутка аралыгында машинанын ичинен чыкпай коюлган милдеттерин аткарууга жол берет. Машина экипаждын үч мүчөсү менен башкарылат, десанттык бөлүмүнө жабдылган тогуз мотоаткыч батат.

12 аскер үчүн коопсуздук жана жетишерлик ыңгайлуулугу, курал-жарак жана ага ок-дарынын кыйла көп болушу аталган техниканын заңкайган габаритин жана салмагын аныктаган (узундугу – 9,5 м, туурасы – 4,8 м, бийиктиги – 3,5 м, салмагы – 55 тонна).

Кубаттуулугу 1500 а.к. болгон 2В-12-3А дизелдик кыймылдаткыч менен жабдылган бул кат-кат сооттолгон "дулдул" 5 метр тереңдиктеги суу тоскоолдуктарын жиреп өтө алат. Өңгүл-дөңгүл жерлерде ылдамдыкты саатына 50 чакырымга, шосседе саатына 75 чакырымга чейин зыпылдайт. Жүрүш камы – 500 чакырым.

Россия армиясына Т-15 "Армата" абдан зарыл эле. Жаңы аскердик машина мотоаткычтык бөлүктөрдүн техникалык жабдылышын сапаттуу түрдө жакшыртууга жана согуш талаасында сооттолгон техниканы пайдалануунун жаңы концепцияларын киргизүүгө кепилдик берет.

Бирдиктүү "Армата" платформасындагы Т-14 БМП жана Т-15 танкы аталган өлкөнүн куралдуу күчтөрүнө удаалаш берилет. Себеби эки машина тең согуштук аракеттерди интеграцияда жүргүзүү үчүн иштелип чыккан.

Жогорку деңгээлде корголот

Дүйнөдөгү жөө аскердик машиналардын баары душмандын танктарга каршы коргонуу каражаттарынын огунан соо калбашы мүмкүн. Бирок БМП Т-15ке бул мүнөздүү эмес. Жогорку деңгээлдеги корголушу – "Арматалардын" эң негизги сапаты.

Т-15тин конструкциясынын маанилүү өзгөчөлүгү – курал комплекти жана мотордук-трансмиссиялык бөлүгүнөн обочо жайгашкан бронекапсуласы (мында командир, механик-айдоочу жана оператор отурат) жана экипаж менен десантты фугастын (жер алдына көмүлгөн дүрмөт) жарылышынан сактаган корпустун минага каршы конструкциясы. Т-15 көлүгүнүн танкка каршы кыйратуучу каражаттардан эшелондоштурулган, көп деңгээлдүү коргонуу тутуму да көңүл бурдурбай койбойт.

Нурланууну (душмандын лазердик көрсөткүчү жана алыстыкты ченегичи аркылуу) табуунун оптикалык-электрондук басуу комплекси жана датчик тутуму тыгыз аэрозолдук көшөгө үчүн түтөтмө гранаталарды автоматтык түрдө атууга мүмкүндүк берет. Негизги ишти "Афганит" активдүү коргоонун ракурстук комплекси аткарат. Бул – ага карай учурулган душмандын танкка каршы ракеталарын таап, атып түшүрүүчү (көлүктүн корпусуна тийбеген) автоматташтырылган тутум.

"Афганит" душмандын ракетасы учурулган районду кайра сокку уруу үчүн аныктай алат. Жөнгө салуучу антенналык торчолору техникага жакын бардык кыймылды сезе алат. Жакын аралыкка толук көз салуу экипаждын дисплейине чагылдыра турган видеокамералар аркылуу да жүргүзүлөт.

Эгер душмандын снаряддары баары бир "Афганиттин" коргоо чегинен өтүп кетсе, анда "Малахит" динамикалык коргоо комплекси аракетке кирет. Эки система тең БМП Т-15ке коргонуунун ынанымдуу чегин камсыз кылат. Бирок соккуга композит жана болоттон жасалган негизги сооттолгон корпусу да туруштук бере алат. Материалдардын айкалышы 1200 мм. калыңдыктагы кадимки сооттолгон плитанын бышыктык эквивалентине жетүүгө шарт түзөт. Мындан тышкары, машина душмандын спутник навигациясы жана радиосигналдарын басаңдаткан, дүрмөт жана ракеталарын нугунан тайдыра алчу радиоэлектрондук күрөш каражаттарына ээлик кылат. Түбүндөгү минага каршы коргонуусу күчтүү фугастын сокку толкунун да токтото алат. БМПнын күч орнотмосунун маңдайында жайгашышы экипаж менен десант үчүн кошумча коргойт.

Коргонуу даражасы боюнча дүйнөдө ага тең келген аналогу жок. Т-15 жөө аскердик машинасы бардык жакынкы атаандаштарын артта калтырат, анын ичинде немистердин "Пумасын" (Schützenpanzer Puma) да караандатпайт. Бул көлүк азыр Бундесвердеги "Мардер" (Marder) техникасынын ордун басууда.

Айрым гана параметрлери боюнча Т-15ке израилдик Namer бронетранспортеру атаандаша алат. Т-15тин мүнөздөмөлөрүнүн баары кеңири коомчулукка белгилүү эмес. "Армата" – Россиянын Коргоо министрлигинин эң жашыруун долбоорлорунун бири.

Кыйраткыч күч

Жергиликтүү жаңжалдардагы (шаар ичиндеги кармаштарда) жаңы тактика жөө аскердик көлүктөрдү дагы бышык кылууну талап кылды. Россиялык жаңы мындай техника танктык калканчка ээ, кургакта ишенимдүү коргонууну, дээрлик кандай душман болсо да салгылашуусун камсыз кылат. Күчтүү, жакшы сооттолгон жана куралданган көлүк жөө аскерлерди алдыңкы аймакка тез жеткирип, нык ок жаадыра алат. Душмандын атуучу куралдар турган жерлерин басат, бекемделген коргоо чебин жиреп өтө алат. Т-15 милдеттерин талаа жана калаа шартында ийгиликтүү аткара алат.

Т-15 негизги куралы – 57 мм сай автоматтык замбирек жана "Атака Т" танкка каршы ракеталык комплекси менен "Кинжал" аскердик модулу. Киши отурбаган аскердик модуль айланып жүрүүчү дистанциялык-башкаруучу тутум түрүндө аткарылган.

Күчтүү тез атар 57 мм курал калканчты тешип өтүүчү жана майдаланма-фугастык дүрмөттөр менен жердеги жана абадагы буталарын 14500 метр аралыктан жок кылат.

Танкка каршы 9М120 "Атака" тескелүүчү ракеталар 10 чакырым аралыктан сооттолгон буталарга пайдаланылат (активдүү коргонуу комплекстери). Душмандын аскер күчтөрү менен күрөштө кошумча каражат – 7,62 мм пулемет ПКТМ. Автоматташтырылган системасы активдүү жана пассивдүү режимде буталарды оптикалык локатор менен издейт жана коштой алат. Мисалга, жашынган көзгө атарларды таап, изине түшүп, эки бутаны бир убакта атат. Белгилей кетсек, НАТО өлкөлөрүнүн пехоталык аскердик машиналарынан айырмалана Т-15 аскердик модулдары телевизиондук жана инфракызыл оптикалык жабдуу менен учуучу аппараттарды пассивдүү кармоо менен жакынкы салгылашта абадан коргонуу режиминде да иштейт.

БМП Т-15 куралы жердеги буталардын дээрлик бардыгын (анын ичинде танктардын) кыйратып, чабуулчуларды, Apache тибиндеги танкка каршы тик учактарды, MQ-1 Predator үлгүсүндөгү сокку уруучу пилотсуз учактарды атып түшүрө алат. Радиолокациялык станциясы, датчиктердин өнүккөн тутуму жана куралдын кош тегиздиктүү стабилизатору бар. Башкаруунун компьютерлештирилген системасында көп функционалдуу эки кароол камтылат: бири мээлөөчүгө, экинчиси машинанын командирине ылайыкталган.

Курал-жаракты куруунун модулдук принциптери татикалык фонго жараша аскердик комплектациянын варианттарын өзгөртүүгө мүмкүндүк берет. Т-15тин азыркы конфигурацияларынын бир нечеси жаңы модулдар менен толукталышы ыктымал.

Аскердик интеграция

Тактикалык звеносунун бирдиктүү тутумунда Т-15 башка машиналарга табылган буталар боюнча маалыматтарды берип, жок кылууга бута көрсөткүчтөрүн кабыл алууга жөндөмдүү. Бул күчтөрдүн уюштурулушунун сапаттуу жаңы деңгээли. Т-15 өзөктүк же массалык кыйратуучу куралдардын башка түрлөрү колдонулган шарттарда да кандай гана душманга каршы болбосун, согуштук аракеттерди жүргүзүүгө багытталган.

БМП Т-15 аскердик маалыматтык-тескөөчү тутуму мурунку муундагы пехоталык машиналарга салыштырмалуу бул көлүктүн командалык башкарылышынын жогорку деңгээлин камсыз кылат. Бул пехоталык машинанын экипажына көлүктүн техникалык абалы жөнүндөгү толук маалыматтарды жиберип, түздөн-түз коюлган аскердик милдетти аткарууга ыкылас коюуга мүмкүндүк берет. Машинаны түзүүчүлөр Т-15 бортунда чалгындоо жана оперативдик жагдайды баалоо үчүн учкучсуз аппарат да болорун айтышкан. Эски БМП-1 жана БМП-2 согуш талаасында танк бөлүмүн колдоо жана коргоо каражаттары катары чыгарылган. Жогорку ылдамдыгы жана салмагынын аздыгы машиналардын бурулушун жеңилдеткен. Бирок, чабал калканчы бышык кыла албаган. Тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча БМП Т-15 бардык аналогдорунан озуп чыгат. Мындан тышкары, Т-14 негизги аскердик танкы жана Т-15 бирдей күч блокторуна жана гидромеханикалык трансмиссияга ээ. Ушундай унификация Россияда биринчи ирет колдонулуп, аскердик машиналарды техникалык тейлөөнү өтө жөнөкөйлөштүрөт.

Тегин жерден бул Т-15 индиялык аскер жетекчилерге да жакпагандыр. Ал гана эмес, жөө аскердик жаңы машиналарды сатып алууну Ирак, Кувейт, Таиланд жана Пакистандын армиясы да ойлонууда.

Россия курал-жарак рыногундагы бул орунда БМП M2 Bradley көлүгүн ондогон өлкөлөргө сатып жаткан америкалыктар менен да атаандаша алат. Россиялык жана чет элдик аскер серепчилеринин пикиринде, Т-15 дагы бир топ жыл чет элдик конструктордук бюролордо окшоштуруп жасоого үлгү болору турулуу иш.

192
Белгилер:
сатуу, серепчи, мүнөздөмө, курал-жарак, платформа, Россия
Тема боюнча
Россиялык "Циркон" Дүйнөлүк океандагы нукту өзгөртөт. Ага каршы курал жок
Сиэтлдагы Жордж Флойддун өлүмүнө каршы чыккан протестке катышкан кыз. Архивдик сүрөт

АКШнын алдан тайышы: балдар полициядан коркуп жана жек көрүүнү үйрөнүп жатышат

128
(жаңыланган 17:39 05.06.2020)
Америка өзүн өзү жек көрүүнүн, өзүн өзү жок кылуунун жолуна түшкөндөй. Эмки маселе аны токтото алаар-албасында. Эгер жаш муунду полициядан коркууга, аны жек көрүүгө тарбиялоону уланта турган болсо токтой алары, албетте, күмөн дейт россиялык журналист Ирина Алкснис.

Жорж Флойддун өлүмүнөн улам чыккан башаламандыктын жайылып жаткан маалында, расизмге каршы чыккандар Лондондо британия премьеринин резиденциясын басып алууга аракет кылып жаткан учурда коом карманган дагы бир эреже кыйрап түштү. Ал жаш муунду саясий тирешке аралыштырууга жол бербөө эле.

Мындан чечкиндүү кадамды бизнес таштады.

Балдардын популярдуу Nickelodeon берүүсүн токтотуп, 8 мүнөт 46 секунд бою (дал ушунча убакыт полиция кызматкери Флойдду басып турган) кара экрандан "Дем ала албай жатам" деген фразаны жаңыртып турду. Роликтин аягында жарандык укукту коргоо боюнча уюмдардын бирине кошулууга чакырык ташталган.

Каршылык кыймылына калктын кара түстүү катмары менен тилектештигин билдирип Lego корпорациясы да кошулду. Компания полиция участоктору, өрт өчүрүү бөлүмдөрү, патрулдук автоунаалар, полиция кызматкерлеринин фигуралары жана башка укук коргоо тематикасына үндөш элементтер бар конструкторлорун жарнамалоодон баш тартты.

Батыштын жаш муунга жасаган мындай мыкаачы эксперименттери азыр эч кимди деле таң калтырбайт. Мунун баары батыш коомчулугунун бөлүп-жарылуусунун белгиси. Ошентсе да буга чейин саясий жүрүштөргө балдар тартыла элек эле.

Либералдар менен консерваторлор жаш муунга таасир тийгизүүчү күчкө ээ болуу максатында катуу тирешип келишкен, бирок алар үчүн балдардын мыйзам сыйлаган жаран болуп өсүп чыгуусу биринчи кезектеги нерсе болчу.

Дал ушундай нукта ой жүгүртүү АКШга жарандарын ымыркай кезинен тарта тарбиялоонун натыйжалуу системасын түзүүгө негиз болуп берген. Канча деген жылдардан бери Американын жетишкендиктерине басым жасалып, жаманы жашырылып, улуттук биримдик жашап келген.

Полициянын мыкаачылыгына башка мамлекеттерде деле күбө болуп жүрөбүз. Бирок укук коргоо институттары мамлекеттин таянычы жана анын маанилүү элементи болуп саналат, андыктан жай турмушта бир дагы америкалык саясатчы же коомдук-саясий күч полицияны уяткарып, абийирин төгө алмак эмес. Адатта бир же бир нече окуянын мисалында бүтүндөй системага көө жабуу туура эмес экени баса белгиленип келет. Ал эми ачыкталып калган кемчилик башкы нерсени, башкача айтканда, кызматкерлеринин көбү чын ниети менен аткарган полициянын милдетин, ишин жокко чыгарбашы кажет эле.

Мындай тартип бир эле АКШда эмес, дүйнө жүзүнүн баарында бар.

Ал эми балдарды реалдуулуктун көңүл чөктүргөн көрүнүштөрүнөн эки эселеп саксактоо зарыл, алардын күч түзүмдөрү тууралуу ою, ишеними, мейли ал биздин "менин милициям мени коргойт" дегенби, же америкалык "кызмат кылып жана коргоп" деген ураанынын алдында болобу, позитивдүү болушу шарт. Чоңойгон сайын ал турмуштун ак-карасын өзү ылгап алат.

Nickelodeon менен Lego компанияларынын кылган-эткени бул маселеде да кескин өзгөрүүлөр болуп жатканын көрсөттү.

Дээрлик тогуз мүнөткө жеткен ролик балдардын көңүлүн расизмге деле бурбайт. Мындай жүрөк үшүн алган видео тек гана "америка полициясы адам өлтүрүүдө" деген нерсени сиңирип жатат. Мындан улам баланын мээсине укук коргоо органдарынан коркуш керек деген ой калыптанат. Ал эми бала кездеги коркуу чоңойгондо жек көрүүгө, кыйратуучулукка айланат эмеспи.

Бирок мамлекет аны коргоп, коопсуздукту камсыздаган структураларсыз дээрлик жашай албайт. Мамлекеттик механизмдин маанилүү делген бөлүгүн олуттуу кабыл албоого тарбиялоо келечекте жагымсыз көрүнүштөрдү шарттай турганы айкын.

АКШда азыркы болуп жаткан саясий тиреш Американын жалпы системасына кооптуулук жарата турганын жалкоо киши эле сөз кылган жок. Анткени анын катышуучулары өлкө таянган, оор учурлардан кабагым-кашым дебей чыгып кетүүгө негиз болгон жөнөкөй эрежелерди сактоодон баш тартып жатышат. Трамп менен каршылашкан атаандаштары ага бир катар институттарды, башкаруу сфераларын  байлап, бул аракети менен мамлекеттин өзүнө сокку урууда. Ал эми ири медиаресурс ээлери жаңы муунду ошол эле нукта тарбиялап жатышы тармактагы абалдын өтө эле курч экенин айгинелейт.

Америка өзүн өзү жек көрүүнүн, өзүн өзү жок кылуунун жолуна түшкөндөй. Эмки маселе анын токтой алаар-албасында. Эгер жаш муунду полициядан коркууга, аны жек көрүүгө тарбиялоону уланта турган болсо токтой алары, албетте, күмөн.

128
Белгилер:
бийлик, бала, коркуу, полиция, башаламандык, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
Нью-Йоркто акцияга чыккандар камалууда. Видео
Кайрадан орустар. АКШдагы козголоңго Москваны айыптоо кимге зарыл?
. Улуу Британиянын ханзаадасы Уильям  жубайы Кейт Миддлтон менен. Архивдик сүрөт

Тыңчы, волонтёр... Ханзаада Уильямдын жашыруун иштеген кызматтары

0
Ханзаада Уильям былтыркы жылдын апрель айында Улуу Британиянын атайын кызматтарында үч жума иштеп, тажрыйба топтогон. Анда Улуу Британияга террордук уюмдар тарабынан келтирилген коркунучтар жөнүндө кеңири маалымат алган.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Улуу Британиянын ханзаадасы Уильям кризистик кырдаалга кабылган адамдарга жардам берген Shout 85258 ишеним кызматында жашыруун иштеген. Бул тууралуу The Mirror басылмасы жазды.

Ханзаада өзүнөн башка 2 миңге чукул волонтёрлор сыяктуу эле бул жумушка кирүү үчүн атайын даярдыктан өткөн. Shout 85258 ишеним кызматында негизинен этникалык азчылык өкүлдөрүнө жардам берилери айтылат.

Мындан тышкары ханзааданын жубайы Кейт Миддлтон коронавирус күч алган учурда Саламаттык сактоо улуттук кызматынын волонтёрлук программаларына катышканы белгилүү болду. Ал үй изоляциясында жатып, кыйынчылыкка туш болгон адамдарга телефон аркылуу кеңеш берген.

Ошондой эле ханзаада былтыркы жылдын апрель айында Улуу Британиянын атайын кызматтарында үч жума эмгектенип, тажрыйба топтогон. Анда Улуу Британияга террордук уюмдар тарабынан келтирилген коркунучтар жөнүндө кеңири маалымат алган. Кийин Өкмөттүк байланыш борборунун тыңшоо жана маалымат чогултуу бөлүмүндө иштеген.

0
Белгилер:
кызмат, ханзаада, Улуу Британия
Тема боюнча
Гарри падышалык укуктарынан ажыраган соң фамилиясын өзгөртөт