Жээнбеков Коопсуздук кеңешин чогултуп, элге жардам берүү маселесин талкуулады

Жазылуу
Президент дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле Кыргызстан дагы экономикалык жактан жапа чегип жатканын айтып өттү.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынын өткөрдү. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Анда коронавирус инфекциясынын таралышын токтотууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чараларды күчөтүү маселеси каралган.

Президент дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле, тилекке каршы, Кыргызстан дагы экономикалык жактан жапа чегип жатканын айтып өттү.

"Бизнеске доо кетип жатат. Күнүмдүк жумуштарда иштеп, үй-бүлөсүн баккан жана аяр катмардагы абдан көп мекендешибиз бар. Алар колдоого муктаж. Мунун баарын көрүп, түшүнүп турам. Жер-жерлерде колунда барлар, ишкерлер айылдаштарын колдоп жатат, аларга рахмат. Ал эми өкмөт иштеп чыккан антикризистик пландын негизги багыттарынын бири — калктын аяр катмарына, жумушсуз калгандарга, тамак-ашка муктаждарга жардам көрсөтүү", — деди Жээнбеков.

Дарыгер коронавируска проба алып жатат - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда дагы 13 адам коронавирус жуктуруп алды. Арасында көлдүктөр бар
Мындан тышкары, мамлекет башчысы ушул оору менен күрөшүүнүн алдыңкы сабында турган медиктерге бардык жагынан колдоону күчөтүү керектигин дагы бир жолу баса белгилеген.

"Тиешелүү коргонуучу жабдыктар, иштөө шарттары, айлык акылары, сый акылары толук көлөмдө үзгүлтүксүз берилип турушу шарт", — деди президент.

Маалыматта Жээнбеков коронавирус менен күрөшүү, калктын саламаттыгын сактоо канчалык маанилүү болсо, тамак-аш коопсуздугун камсыздоо, жарандарга кам көрүү да ошончолук мааниге ээ экенин эске салганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0