Президент вице-премьер Өмүрбекова менен министр Чолпонбаевди иштен алды

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевЗаседание Межсекторального координационного совета по созданию и развитию электронной базы данных лекарственных средств
Заседание Межсекторального координационного совета по созданию и развитию электронной базы данных лекарственных средств - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков тийиштүү Жарлыкка 1-апрель күнү кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

БИШКЕК, 1-апр. – Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова менен саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди кызматтан бошотту. 

Жарлыкка мамлекет башчы кол койду. 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков  - Sputnik Кыргызстан
Даяр эмес экенсиңер! Жээнбеков саламаттык сактоо министрине каарын төктү
Эске салсак, Жээнбеков 31-марттагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге нааразычылыгын билдирген.

Президент өлкөдө коронавирус жуктургандардын санынын өсүшү алдын алуу иштеринин чабал жүрүп жатканын айгинелеп койгонун баса белгилеген. Ошондой эле Республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин жайылышын шарттап, жугузуп алгандар менен байланышта болгон адамдардын тобун өз маалында аныктабагандыгын сынга алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0