КРди парламенттик же президенттик башкарууга өткөрүү боюнча мыйзам долбоору жарыяланды

Жазылуу
Депутат бир жылдын ичинде бүткүл элдик добуш берүү жана Жогорку Кеңешти шайлоону өткөрүүнү сунуштап жатат. Мыйзам долбоор ЖКнын сайтына жарыяланды.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча, тагыраагы, парламенттик же президенттик башкарууга өтүү үчүн референдум өткөрүүнү сунуштап жатат.

Мыйзамдын долбоору 1-апрелден тарта коомдук талкууга коюлду.

Демилгечинин идеясына караганда, бүткүл элдик добуш берүү 2020-жылдын 4-октябрына белгилениши керек.

Бюллетенде “Мамлекеттик башкаруунун кайсы формасын колдойсуз?” деген суроо жана жооптун эки варианты: “президенттик”,  “парламенттик” деп көрсөтүлөт.

Эл өкүлү Боршайкомдун божомолу боюнча Жогорку Кеңешти шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтсө, референдумду дагы ошол күнгө, 4-октябрга белгилесе болорун кошумчалаган.

Мыйзам долбоору менен Жогорку Кеңештин сайтынан таанышыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0