Саламаттык сактоо министри эки орун басары жок иштеп жатат

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Министр здравоохранения КР Сабиржан Абдикаримов
Министр здравоохранения КР Сабиржан Абдикаримов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин бир орун басары үй карантинине алынган, экинчиси ооруп үйүндө экенин айткан журналисттер.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо министри эки орун басары жок иштеп жатат. Бул туурасында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Вице-премьерге журналисттер тарабынан "министрдин бир орун басары үй карантининде жатат, экинчиси ден соолугуна байланыштуу ишке чыккан жок. Бул жагдайга кандай баа бересиз?" деген суроо берилди.

"Тилекке каршы, ушундай болуп калды. Түштүк регионуна иш сапар менен барып келген орун басарды карантинге алганбыз. Ал бүгүн-эртең чыгып калат деп ишенем. Экинчиси министр болуп келди. Анын ордуна жакында башкасы дайындалат. Бул боюнча бүгүн премьер-министр менен сүйлөшкөнбүз. Эми биз жардам беребиз, штаб иштеп жатат", — деди Боронов.

Бирок вице-премьер "экинчи орун басары ден соолугуна байланыштуу жумушка чыкпай жатат" деген суроого жооп берген жок. Анын ордуна Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча республикалык борборунун директорлугунан министрликке келген Сабыржан Абдикаримовду айтып койду.

Бүгүнкү күндө Мадемин Каратаев менен Төлө Исаков министрдин орун басары экени белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0