Жогорку Кеңешке 30 жаштагы Бешимбаева депутат болуп келди. Сүрөт

© Фото / предоставлено Айгерим БешимбаевойДепутат Жогорку Кенеша Айгерим Бешимбаева
Депутат Жогорку Кенеша Айгерим Бешимбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтарга караганда, жаңы депутат буга чейин мамлекеттик банкта иштеген. Ал Аида Исмаилованын ордуна келди.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Айгерим Бешимбаева "Республика — Ата-Журт" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Ал өткөн жумада вице-премьер-министр болуп дайындалган депутат Аида Исмаилованын ордуна катталды.

БШКдан билдиришкендей, Бешимбаева 1990-жылы 10-январда төрөлгөн. Буга чейин "РСК" банкта башкы менеджер болуп иштеген.

Ошентип Бешимбаева ЖКнын эң жаш депутаты болуп калды. Буга чейин эң жаш эл өкүлү катары 1988-жылдын 21-ноябрында төрөлгөн Айсулуу Мамашова эсептелип келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0