Үсөнбаев Нурболот Толошевич — өмүр баяны

© Фото / Пресс-центр Минздрава КР Нурболот Усенбаев саламаттык сактоо министринин орун басары — Кыргызстандын башкы санитардык врачы
Нурболот Усенбаев саламаттык сактоо министринин орун басары — Кыргызстандын башкы санитардык врачы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурболот Үсөнбаев 1962-жылы 23-апрелде Фрунзе шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 1985-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун "санитардык дарыгер" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1985-1986 — Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун эпидемиология кафедрасында ассистент;
  • 1986-1992 — Ысык-Көл облусунун Жети–Өгүз райондук эпидемиология бөлүмүнүн башчысы, врач-эпидемиолог;
  • 1992-1998 — Ысык-Көл облусунун Тоң райондук санитардык-эпидемиологиялык станциясынын башкы дарыгери;
  • 1998-1999 — Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитария-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин бөлүм жетекчиси;
  • 1999-2002-жж. – Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитария-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2002-2006 — Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитария-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы директорунун орун басары;
  • 2006-2012 — Мамлекеттик санитария-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин алдындагы СПИД, кургак учук жана малярияга каршы күрөшүүчү Глобалдык фонддун долбоор менеджери;
  • 2012-2013 — Мамлекеттик санитария-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин мониторинг жана баа берүү бөлүмүнүн башчысы;
  • 2013-2014 — Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитария-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директорунун орун басары;
  • 2014-2015 — Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Карантин жана кооптуу инфекциялар борборунун жетекчиси;
  • 2016-2020 — Саламаттык сактоо министрлигинин Карантин жана кооптуу инфекциялар республикалык борборунун жетекчиси.

2020-жылдын 9-апрель күнү саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды.

Мамлекеттик кызматтык III класстагы кеңешчиси.

Жыйырма илимий эмгектин автору.

Жаңылыктар түрмөгү
0