ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьерлери онлайн-жыйын өткөрөт. Талкууланчу маселелер

© Sputnik / Табылды КадырбековЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив
ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай форматта өкмөт аралык кеңештин катышуучулары биринчи жолу кезигет. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери бир катар маанилүү маселелерди талкуулашмакчы.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдиктин өкмөт аралык кеңешинин жыйыны бүгүн, 10-апрелде, дистанттык түрдө өтөт. Бул туурасында Sputnik агенттигинин жакынкы чет өлкөлөр боюнча Telegram-каналы билдирди.

Ага ылайык, онлайн форматта өкмөт аралык кеңештин катышуучулары биринчи жолу кездешет. Мамлекеттердин өкмөт башчылары коронавирус менен күрөшүүнүн биргелешкен чараларын талкуулашат. Негизги маселенин бири экономика жана бирдиктүү рынок бирикмесин сактоо болуп саналат.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммитине катышат. Форматы — видеоконференция
Ошондой эле ЕАЭБди 2025-жылга чейин өнүктүрүү долбоорлорун карашат. Анда интеграциялык процесстерди тереңдетүү боюнча 250дөн ашык конкреттүү чаралар жана механизмдер камтылган.

Евразиялык экономикалык комиссиянын сайтында башка да маселелер ортого салынары айтылат. Атап айтканда, эл аралык электрондук соода алкагындагы жеке колдонуу үчүн товарларды бажы төлөмсүз алып келүү маселелерин жөнгө салуучу жолдорду, ошондой эле биримдикке кирген мамлекеттердин ортосунда импорттук бажы алымдарын улуттук валютада өткөрүп берүү боюнча Евразиялык өнүктүрүү банктын демилгесин карап чыгуу пландаштырылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0