Чек арадагы тоскоолдукту азайталы! Жээнбековдун саммиттеги сунуштары

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) видеоконференция форматындагы кезексиз жыйынына катышты
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) видеоконференция форматындагы кезексиз жыйынына катышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы чек аралардын жабылышы элди жана дарыгерлерди медициналык коргонуучу каражаттар менен камсыздоого залакасын тийгизгенин айтты.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) видеоконференция форматындагы кезексиз жыйынына катышып, бир катар сунуштарды киргизди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) видеоконференция форматындагы кезексиз жыйынына катышып, бир катар сунуштарды киргизди
Чек арадагы тоскоолдукту азайталы! Жээнбековдун саммиттеги сунуштары - Sputnik Кыргызстан
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) видеоконференция форматындагы кезексиз жыйынына катышып, бир катар сунуштарды киргизди

Ага ылайык, өлкө башчы чек аралардын жабылышы элди жана дарыгерлерди медициналык коргонуучу каражаттар менен камсыздоого залакасын тийгизгенин айтты.

"Чек арадагы чектөөлөр мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин өз убагында аткаруусуна кыйынчылык жаратууда. Ушуга байланыштуу гуманитардык жүктөрдү жеткирүүдө, калкты күнүмдүк зарыл товарлар, дары-дармек жана медициналык жабдык менен камсыз кылууда чек араларда тоскоолдуктарды азайтууну сунуштайм. Азык-түлүк коопсуздугуна кирген товарлардын тизмеси менен алмашып, анын негизинде Түрк кеңешинин товарларынын бирдиктүү реестрин иштеп чыгуу зарыл", — деди президент.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТүрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин онлайн жыйыны Азербайжан республикасынын төрагалыгы астында өтүп, анда коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүү маселеси талкууланды
Чек арадагы тоскоолдукту азайталы! Жээнбековдун саммиттеги сунуштары - Sputnik Кыргызстан
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин онлайн жыйыны Азербайжан республикасынын төрагалыгы астында өтүп, анда коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүү маселеси талкууланды

Ошону менен бирге Түрк кеңешинин катчылыгына бирдиктүү онлайн платформа түзүү тапшырмасын берүү туура экенин айтып, алыстагы мекендештерге көмөк көрсөтүп турууну өтүндү.

"Уюмга мүчө мамлекеттерде эмгектенип жүргөн биздин көптөгөн жарандарыбыз коронавирустан улам жумушсуз калганы турат. Мындан улам сиздерге оор абалда калган КР жарандарына ар тараптуу көмөк көрсөтүп, миграциялык жеңилдиктерди берүүнү суранам. Өз кезегинде Кыргызстан да аймагындагы мүчө мамлекеттердин жардамга муктаж жарандарына колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирем", — деди өлкө башчы.

Президент Сооронбай Жээнбеков саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Медиктерди камсыздагыла! Жээнбеков министр Абдикаримовду кабыл алды
Жээнбеков Түрк кеңешине мүчө мамлекеттер болгон Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркиянын жетекчилигине учурдагы кырдаалда колдоо көрсөтүп жаткандыктары үчүн ыраазычылык билдирди.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин онлайн жыйыны Азербайжан республикасынын төрагалыгы астында өтүп, анда коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүү маселеси талкууланды.

Видеоконференция форматындагы жыйынга Азербайжан президенти Ильхам Алиев, Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев, Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган, Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0