Президент Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына катышууда

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВыступление президента Сооронбая Жээнбекова на заседании Жогорку Кенеша
Выступление президента Сооронбая Жээнбекова на заседании Жогорку Кенеша  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн парламенттин жыйынында өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришет. Жыйында президент Сооронбай Жээнбековдун сөз сүйлөшү күтүлүүдө.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынына катышууда. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, парламенттин жыйынында өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришет.

"Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, өкмөттүн жаңы мүчөлөрү өлкө президентинин катышуусунда ант беришет. Жыйында президент Сооронбай Жээнбековдун сөз сүйлөшү күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, КРдин Конституциясынын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, өлкө президенти Жогорку Кеңештин жыйындарында сөз сүйлөөгө укуктуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0