Боронов Абылгазиев баштаган министрлерди жазадан сактап калды

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевБиринчи вице-премьер Кубатбек Боронов
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комитеттердин токтомуна биринчи вице-премьер каршы чыгып, мындай кадамга баруу менен башка министрлерди коркутуп аларын айтты.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары коронавирус менен күрөшүүдө келтирген мүчүлүштүктөрү үчүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган министрлердин жоопкерчилигин кароону сунуштады.

Документ парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети менен Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетине таандык.

Анда төмөнкү жетекчилердин ишине укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурага тапшырма берүү сунушталды:

  • Жетиштүү деңгээлде иш алып барбаганы үчүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге;
  • Коронавирус менен күрөшүүгө даярдык көрбөгөнү үчүн мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге;
  • Медициналык каражаттарды сатып алууга өз убагында каражат бөлбөгөнү үчүн финансы министри Бактыгүл Жээнбаевага;
  • Муктаждыктары тууралуу айтып чыккан дарыгерлерге басым жасаган УКМК жана башка укук коргоо органдарына.

Бирок бул токтомго биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов каршы чыгып, азыр мындай кадамга баруу менен башка министрлерди коркутуп, мунун натыйжасында иш аксап каларын билдирди.

Депутаты ЖК Исхак Масалиев - Sputnik Кыргызстан
Масалиев: президент, төрага, премьер-министр 30 млн. сомдон эсепке которсун
“30 жылдан берки медицина тармагында абал ушуга жетти. Бүгүнкү кырдаал кээ бир маселелерди эске албаганда башка мамлекеттерге салыштырмалуу жакшы десек болот. Саламаттык сактоо министрлиги мүмкүнчүлүгүнө жараша даярдык көрүүгө аракет кылды. Жарым жолдо биз бирөөнү күнөөлөйбүз деп башка жетекчилерди колго чапканы турабыз. Муну кабыл алсаңар алар коркуп, бир чечим кабыл алгандан качып калат. Ошондуктан кырдаал турукташканга чейин токтомдон ушул пунктту алып турууну суранам”, — деди Боронов.

Натыйжада депутаттар талашып-тартышып отуруп чара көрүү боюнча маселени кийинкиге жылдырышты. Ал эми “муктаждыктары тууралуу айтып чыккан дарыгерлерге басым жасаган УКМК жана башка укук коргоо органдарынын ишине баа берилсин” деген пункт калтырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0