Сылык болгула! Жээнбеков ИИМ башчысы Жунушалиевди кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-апрелде, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-апрелде, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сооронбай Жээнбеков ишке тартылган ички иштер органдарынын кызматкерлерин жеке коргонуучу каражаттар жана башка зарыл болгон жабдыктар менен камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-апрелде, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушуу учурунда өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Орозо айт учурнда борбордук мечитте. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дил дүйнө тазарып, ыйман бекемдейт! Жээнбеков элди Рамазан айы менен куттуктады
Мамлекет башчысы биринчи кезекте калктын саламаттыгын коргоону шарттаган бардык карантиндик-санитардык талаптардын жарандар тарабынан сакталышын камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле өлкө башчы ишке тартылган орган кызматкерлерин жеке коргонуучу каражаттар жана башка зарыл болгон жабдыктар менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурду. Ал кызматкерлердин жарандарга жасаган мамилеси сылык-сыпайы болушу керектигин айтты.

Ал эми Кашкар Жунушалиев бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди.

“Республика аймагындагы блокпостторго күн сайын беш миңден ашуун милиция кызматкери жана 500 транспорт каражаты тартылып жатат. Ошондой эле коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн республиканын шаарлары менен райондорун күн сайын миңден ашуун милиция кызматкери күзөтүүдө”, — деди министр.

Жунушалиев инфекция менен күрөшүүгө тартылган ички иштер органдарынын бардык кызматкерлери зарыл болгон нерселер, анын ичинде жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болгондугун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0