Сурабалдиева: парламент өзгөчө абал режимин узартуу маселесин карайт

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин жыйыны. Архив
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
14-апрелде мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал режиминин мөөнөтүн 30-апрелге чейин узартуу боюнча Жарлыкка кол койгон.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. 30-апрель күнү Жогорку Кеңештин депутаттары жыйын өткөрүп, анда өзгөчө абал режимин токтотуу же узартуу маселеси караларын депутат Элвира Сурабалдиева социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Жогорку Кеңештин жыйынында өзгөчө абалды токтотуу же узартуу маселеси талкууланат. Өкмөткө парламент бере турган суроолору көп. Чогулган каражаттардын сарпталышы, жарандарга, ишкерлерге мамлекет тараптан кандай жардам болот, сыртта жүргөн жердештерибиздин акыбалы тууралуу”, — деп жазылган постто.

Ал эми парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу ӨА режимин узартуу же токтотуу боюнча маселе азырынча күн тартибине кире электигин, бардыгы алдыңкы күндөрдөгү Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин белгилүү болорун билдирди.

Дем алдыруучу вентиляция аппараты клиникалык ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус жуктургандарды дарылоого канча акча корогону белгилүү болду
Эске салсак, 14-апрелде мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал режиминин мөөнөтүн 30-апрелге чейин узартуу боюнча Жарлык чыгарган. Ага кошуп Нарын шаары жана Ат-Башы районуна дагы өзгөчө абал жарыялаган. Эртеси күнү аны Жогорку Кеңеш колдоп берген.

Белгилей кетсек, ушул эле документтерге ылайык, өзгөчө абал режими мөөнөтүнөн мурда токтотула турган болсо же узартуу маселеси каралаарда Жогорку Кеңештин кароосуна коюлмак.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 695ке жетип, анын жарымынан көбү, 395и айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0