Депутат: 15 күндөн бери жумушка чыкпай элден сын угуп жатабыз

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев
Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку ирет парламенттин жалпы жыйыны 15-апрелде өткөн. Ошондон бери кечээ, 29-апрелде, айрым тармактык комитеттер чогулган.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев парламентарийлер ишин токтотуп койгонуна нааразы болду.

Белгилей кетсек, соңку ирет парламенттин жалпы жыйыны 15-апрелде өткөн. Ошондон бери кечээ, 29-апрелде, айрым тармактык комитеттер чогулган. Ал эми бүгүн жалпы жыйын өтүп жатат.

“Элден “эмне үчүн Жогорку Кеңеш иштебейт?” деген сын-пикирлер көп айтылууда. Комитеттер, фракциялар иштеш керек эле деп ойлойм. Бирок күн тартибине коюлбай, чакырылбай жатат”, — деди Бокоев.

Бүгүнкү жыйында эл өкүлдөрү Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режимин узартууну карайт. Ошондой эле өлкөдөгү кырдаал боюнча өкмөттүн маалыматын угат.

Жаңылыктар түрмөгү
0