Жээнбеков менен Токаев COVID-19 боюнча биргелешкен иштерди талкуулады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстан жана Казакстандын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Касым-Жомарт Токаев. Архив
Кыргызстан жана Казакстандын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттер кыргыз-казак эки тараптуу өз ара кызматташуунун келечектүү маселелерине токтолуп, жакынкы пландарды белгилеген.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Кыргызстан жана Казакстандын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Касым-Жомарт Токаев бүгүн телефон аркылуу коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча сүйлөштү. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жээнбеков жана Токаев мындан ары коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча биргелешкен чараларды өткөрүү маселеси боюнча пикир алмашты", - деп айтылат маалыматта.

Эки жетекчи, мындан сырткары, кыргыз-казак эки тараптуу өз ара кызматташуунун келечектүү маселелерине токтолгон. Көп тараптуу уюмдар менен бирикмелердин алкагында кызматташууну талкуулашып, жакынкы пландар белгиленген.

Коронавирустун кесепети

Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте коронавируска кабылган адамдар жашаган аймактардын тизмеси жарыяланды
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 830га жетип, анын ичинен 575и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 10 бейтап каза болуп калды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0