Дастан Жумабеков Россия Думасынын төрагасы менен сүйлөштү. Эмне талкууланды

Жазылуу
Буга чейин ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынын өткөрүү май айына белгиленген болчу.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасыда Мамдуманын сайтында жазылды.

Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков менен Путин телефондон сүйлөштү. Талкууланган маселелер
Маалыматка ылайык, тараптар коронавирустун дүйнөгө жайылышы боюнча кырдаалды талкуулашкан.

Ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынын июнь айында видеоконференция форматында өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карашкан.
Мындай форматта өткөрүү коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алууга багытталган иш-чараларга байланыштуу болгону айтылат.

Буга чейин Парламенттик ассамблея кеңешинин жыйыны май айына белгиленген болчу.
Володин жыйынды дистанттык түрдө өткөрүү маселесин Парламенттик ассамблея кеңешинин бардык өкүлдөрү менен талкуулай турганын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0