Абылгазиев: тарыхты чукуп, артты карай бербей алдыга жылышыбыз керек

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы тараптарды ынтымакка чакырып, инвесторлорду колдоо багыты боюнча иш алып баруу туура болорун айтты.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Өткөндү эстеп кооптоно бербей алдыга жылуу керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте өкмөттүн 2019-жылдагы иши тууралуу отчётун берип жатып айтты.

Депутат Сайдулла Нышанов кечээ тармактык комитетте бюджетти өзгөртүү мыйзамында мамлекеттик кызматкерлерге мүлкүн адалдаштыруу боюнча мунапыс берүү маселеси көтөрүлгөнүн, буга өкмөт башчынын пикирин сурады.

“Мен муну туура деп ойлойм. Колдошубуз керек. Себеби биз сырттан инвестиция издеп жатабыз, бирок ички инвесторлорду колдоо чаралары болбой жатат. Биз өзүбүздүкүн тазалашыбыз зарыл. Анан көп эле арт жакты карай бербешибиз керек. Мурун мындай-тигиндей болгон деп тарыхты чукубай алдыга жылышыбыз керек. Эгер мыйзам бузуулар болсо укук коргоо органдары карайт”, — деди Абылгазиев.

Бишкек шаардык Кайгуул милициянын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев: ИИМ иштөө стилин өзгөртүп, элдин ишеними жогорулады
Ошондой эле ал эки тарапты ынтымакка чакырып, инвесторлорду колдоо багыты менен иш алып баруу туура деп эсептей турганын кошумчалады.

Нышановдун айтымында, мүлктөрдү адалдаштыруу үчүн мунапыс берилсе, мамлекеттик кызматта иштегендер, ошол эле депутаттар болгон мүлкүн жеке өзүнө каттатса, укук коргоо органдары каяктан байыганын текшербей калат. Мунун арты менен салыктар көмүскөдө калбай төлөнүп турмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0