Бет кабыңарды чечпегиле! Төрага Жумабеков депутаттарга улам эскертип жатат

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттар эртең менен саат 9.30дан бери өкмөттүн отчётун угуп, тийиштүү суроолорун узатып отурушат.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жалпы жыйында отурган депутаттарга бет кабын чечпей отурушун улам-улам эскертип жатат.

Белгилей кетсек, учурда парламентарийлер өкмөттүн 2019-жылдагы иши боюнча отчётун угууда.

Жыйын башталгандан кийин төрага айрым бет кап тагынбай отурган эл өкүлдөрүнө коомдук жайда отурганын эскертип, бет кабын чечпөөгө чакырган.

Ал эми саат 17.00дөн кийин залда бет кабы жок жүргөн депутаттарды көрүп Жумабеков дагы бир ирет эскертүү берди.
“Урматтуу депутаттар, залда бет кап тагынып отурсаңыздар, чечпеңиздер, сураныч! Бул жер коомдук жай”, — деп кайрылды Жумабеков.

Депутаттар эртең менен саат 9.30дан бери өкмөттүн отчётун угуп, тийиштүү суроолорун берип отурушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0