БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Парламентаризмди өнүктүрүү үчүн шайлоо босогосун 11 пайызга чейин көтөрүш керек. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров шайлоо босогосун 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатканда билдирди.
Эл өкүлү шайлоо жакындаганда депутаттар өзү каалагандай же жага турган мыйзамдарды кабыл ала бербеши керектигин белгиледи.
"Бул жерде 5 же 7 пайыз жөнүндө талкуу болуп жатат. Муну саясат кылып эмне кылабыз. Азыр мыйзамдын концепциясы каралып жатат, эгер бир депутат 5 пайыз кылып өзгөртүүгө сунуш берсе, эске алынат. Эгер менин оюмду билгиңер келе турган болсо айтайын, 5 дагы, 7 пайыз дагы туура эмес. Эгер келечекте парламентаризмди өнүктүрөбүз дей турган болсок, 9 эмес, 11 пайыз кылыш керек", — деди Зулпукаров.
Эскерте кетсек, 2010-жылы шайлоо босогосу 5 пайызды, 2015-жылы 7 пайызды түзгөн. Андан соң 2017-жылда киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 9 пайыздык чек коюу үстүбүздөгү жылдын январынан тартып күчүнө кирген.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жаңы шайланган президент Садыр Жапаров менен жолукканын билдирди.
Шаардын социалдык маселелери боюнча жыйында Түлөбаев Жапаров ага томолой жетим балдар үчүн үй жана селсаяктар үчүн борбор курууну тапшырганын айтты.
"Садыр Жапаров томолой жетим балдар үчүн көп кабаттуу эки үйдүн курулушуна каражат табууга убада берди. Курулуш вице-мэр Азамат Сагындык уулунун сунушу менен Учкун кичи районунда (Свердлов району) жана Ленин районундагы жер тилкеде жүрөт деп болжолдонду. Акырындык менен жетим балдарды батир менен камсыздай алабыз деп ойлойм", — деди Түлөбаев.
Ал социалдык бөлүмгө муниципалитетте каттоодо турган жетим балдар тууралуу маалымат берүүнү тапшырганын кошумчалады.
Жапаровдун экинчи тапшырмасы, тагыраагы, селсаяктар үчүн борбордун курулушуна 50 сотых жер аныкталып, ал жай 200 кишиге ылайыкташарын айткан.
Шаардын мэринин милдетин аткаруучу борбордун өзүнүн дарыгерлери болорун, милиция кызматкерлери коопсуздукту камсыз кылып, шаардык бюджеттин эсебинен мончо жана ашкана куруларын кошумчалады. Ал мындай жайды курууда мэрия коомдук фонддордон жардам алууга даяр экендигин да айта кетти.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Мурдагы вице-премьерлер Алтынай Өмүрбекова менен Аида Исмаилова өкмөттүн пандемия маалындагы иши боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булагы билдирди.
Алардын айтымында, Исмаилова эртең, 26-январь саат 09:30га, ал эми Өмүрбекова саат 15:00гө чакырылды. Финпол азырынча комментарий бере элек.
Ушул иш боюнча буга чейин өкмөттүн мурунку башчысы Кубатбек Боронов сурак берип, күбө катары чакырылганын айткан.
Андан мурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев пандемия маалында адамдардын массалык түрдө каза болушуна премьер-министрлер жана вице-премьерлер жооп берерин айткан. Ошондой эле ал медикаменттер, жеке коргонуу каражаттары, тез жардам унаалары кымбат баада алынгандыгы териштирилип жатканын кошумчалаган.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев базардын айланасында товарларды жайып саткандар менен күрөшүү үчүн УКМКдан жардам сураганын билдирди.
Ал бул боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиевге кат жиберген.
Ошондой эле Түлөбаев "Ош" базарында болгон окуя сыяктуу көрүнүшкө жол берилбеши керектигин айтты. Буга чейин социалдык тармакта рейд учурунда сатуучунун мэриянын кызматкери жана милиционер менен тирешкен видеосу тараган.
"Билем, саботаж кылып жатышат, айтканды укпай жатышат. Мындай да, тигиндей да айттык, болбой жатышат. Эки күн мурун Камчыбек Кыдыршаевичтин атына кат жибердим. Менин күчүм жетпей жатат, мага жардам бергиле дедим. Жайма базар менен күрөшүүгө топ жибериңиз деп өтүндүм. "Ош" базарынан, "Аламүдүн" базарынан акча чогултуп жаткан чагымчылдар тууралуу билебиз. Кат келеби, жокпу билбейм, биз катуу иштейбиз. Болду эми, жакшы эле кечириштик", — деди Түлөбаев.
Шаар башчысынын милдетин аткаруучу сатуучуларды базардын ичине кирип соода кылгыла деп айтып жатканын жана ал жакта орундар бар экенине ишендирди.