ЖК депутаты Тазабек Икрамов. Архив

Идеалдуу эмессиңер, сыйыңарды билгиле! Икрамов депутаттарды эсине келтирди

1485
(жаңыланган 15:21 14.05.2020)
Төрага менен эл өкүлдөрү бир нече убакытка чейин жаакташып, биринин артынан бири ар кандай сөздөрдү айтып жаткан.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Төрага Дастан Жумабековдун “эгер парламент жакпаса, сиздерди эч ким кармабайт” деген сөзү эл өкүлдөрү арасында кызуу талкууга жем таштады.

Айрым депутаттар чыгып спикердин антип айтууга укугу жок экенин белгилеп, урмат-сый менен мамиле кылууга чакырышты. Өз кезегинде Жумабеков парламентарийлер дагы ар кандай сын айта бербей, ага эмне кылууну жана кантип сүйлөөнү үйрөтпөшүн талап калды.

Төрага менен эл өкүлдөрү бир нече убакытка чейин жаакташып отурушту. Акырында Тазабек Икрамов чыгып кесиптештерин эки жүздүү болбоого үндөдү.

“Ызы-чуу кылып жатасыңар. Бул жерде идеалдуу эч кимиңер жок, баарыбыз бири-бирибизди билебиз. Камерага карап жакшы сүйлөйсүңөр, ал эми кылган ишиңер такыр Кудай көргүс нерселер. Ушул жерде эки жүздүү адамдар отурасыңар. Семизиңер бар, кыйшыгыңар бар. Буларга эч кимибиз, эч нерсе дей элекпиз. Ошондуктан өзүңөрдү кармасаңар! Же бирөөңөрдү семиз же кыйшыксыңар деп атабызбы? Ошондуктан сыйыңарды билгиле, жакшынакай болгула!” — деп сөзүн жыйынтыктады Икрамов.

Ошондон кийин талаш-тартышка чекит коюлуп депутаттар күн тартибин кароого өтүштү.

1485
Белгилер:
төрага, талаш, депутат, Тазабек Икрамов
Тема боюнча
"Тукумдан кыр издебегиле". Бакиров кызыл чеке болгон депутаттарды күлкүгө салды
"Тост сүйлөп жаткандайсыз". Депутаттын ЖКнын төрагасын какшыктаган видеосу

Эки айда үч жолу... РФ истребителдери АКШнын чалгынчы учактарын Сирияга жолотпойт

294
Россиянын истребителдери Сириянын жээгине жакындоого аракет кылган АКШнын Poseidon P-8A чалгынчы учагынын жолун тосту.

Бул окуядан кийин АКШ командачылыгы Россиянын аскер-космостук күчтөрүн ээнбаштык менен кооптуу маневрларды жасап жатат деп кине койду. Алардын айтымында, россиялык истребителдер тыңчы учакка 8 метрге чейин жакын келип, маневр жасоого жолтоо болгон имиш. Чалгынчы учактын жолун бууганга 64 мүнөт кеткен.

Америкалык учактар ушуну менен Сириянын аймагында жайгашкан россиялык аскер объектилерине жакындоого акыркы эки айда эле үчүнчү ирет аракет жасап жатышат.

Өз кезегинде Россиянын Коргоо министрлиги Аскер-космостук күчтөргө таандык учактардын баары эл аралык эрежелерди катуу сактай турганын дайым эскертип келет.

294
Белгилер:
Сирия, армия, Россия, АКШ, чалгынчы, истребитель, учак
Тема боюнча
Крымда универсалдуу десанттык кеме курулат. Россиялык "Мистралдын" өзгөчөлүктөрү
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков эл аралык форумга катышып, пандемия маалындагы өнүгүүнү талкуулайт

33
(жаңыланган 15:25 28.05.2020)
Видеоконференцияга чет мамлекеттердин башчылары, эл аралык уюмдар, каржы институттарынын жетекчилери жана БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттериш катышат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков коронавирус жайылган учурда өнүгүүнү каржылоо боюнча эл аралык форумга катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, иш-чара видеоконференция форматында өтөт.

"Онлайн-жыйынга Жээнбеков Канада премьер-министри Жастин Трюдо, Ямайканын өкмөт башчысы Эндрью Холнесс жана БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттериштин чакыруусу боюнча катышмакчы. Анда чет мамлекеттердин башчылары, эл аралык уюмдар, каржы институттарынын жетекчилери жана Гуттериш өзү болуп коронавирус мезгилинде өнүгүүнү каржылоо маселесин талкуулашат", — деп айтылат маалыматта.

Форумду Канада жана Ямайка өкмөттөрү уюштуруп жатканы маалым болду.

33
Белгилер:
жыйын, БУУ, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
БУУ коронавирус пандемиясын көтөрө албай бүк түшчү өлкөнү атады
Жээнбеков Москвада өтө турган Жеңиш парадына катышат
Биометрикалык паспорт. Архивдик сүрөт

Географияны мыкты билген үй-жайсыз Кайрат паспорт алды

0
(жаңыланган 23:44 28.05.2020)
Паспорт алган жаран ал үчүн документ алуу өтө маанилүү экенин айткан. Эми ал жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Социалдык тармактарда "географияны жакшы билген үй-жайсыз адам" катары таанылган кыргызстандык Кайрат Курманалиев паспорт алды.

Анын документ алып, баарына ыраазычылык билдирген видеосу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун Instagram баракчасына жарыяланды.

Кайратты белгилүү кылган видео социалдык тармактарда бир ай мурун тараган. Аны комендатуранын кызматкерлери да жардам берүү максатында издешкен. Убакыттын өтүшү менен ал сырткы келбетине, кийингенине көңүл бура баштап, интернет колдонуучулары Алтынбек Сулайманов экөөнүн түспөлдөш экенин байкашкан. Депутат да окшоштук бар экенин моюндаган.

0
Белгилер:
депутат, селсаяк, Алтынбек Сулайманов, паспорт
Тема боюнча
Өмүр бою Өзгөндө жашаган 100 жаштагы энеге биринчи ирет паспорт берилди