Жогорку Кеңештеги депутаттын компьютери. Архивдик сүрөт

ЖК шайлоо босогосун 7 пайызга түшүрүү мыйзамын биринчи окууда жактырды

115
(жаңыланган 22:09 14.05.2020)
Учурдагы мыйзам боюнча парламенттик шайлоого аттанган партиялар шайлоочулардын 9 пайыздан кем эмес добушун алышы керек.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Жогорку Кеңеш бүгүн  шайлоо босогосун 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. 

Сунушталган мыйзамды 101 депутат колдосо, тогузу каршы добуш берди. 

Мыйзам долбоорун Талант Мамытов, Өмүрбек Бакиров, Азиз Турсунбаев, Кубанычбек Нурматов башында турган 21 депутат демилгелеген.

Деген менен дал ушундай эле мыйзам долбоорун буга чейин депутаттар Мирлан Жээнчороев, Исхак Масалиев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев демилгелеп, босогону 5 пайызга түшүрүүнү сунушташкан.  Ал мыйзам долбоору азырынча карала элек.

Буга байланыштуу бүгүнкү жыйында эки мыйзамдын авторлорунун ортосунда талаш жаралды.

Эскерте кетсек, 2010-жылы шайлоо босогосу 5 пайызды, 2015-жылы 7 пайызды түзгөн. Андан соң 2017-жылда киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 9 пайыздык чек коюу үстүбүздөгү жылдын январынан тартып күчүнө кирген.

115
Белгилер:
долбоорлор, мыйзам, босого
Тема:
Шайлоо-2020 (253)
Тема боюнча
Интернетти соттун чечими жок эле өчүрүшөт. ЖК элди кантип көзөмөлдөгөнү жатат?
КРди парламенттик же президенттик башкарууга өткөрүү боюнча мыйзам долбоору жарыяланды
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров

Сергей Лавровдун маалымат жыйыны өттү. Козголгон маселелер

145
(жаңыланган 20:35 18.01.2021)
Тышкы иштер министринин жыл сайын уюштурчу маалымат жыйыны бул сапар үч саатка созулду. Урунттуу учурларын сунуштайбыз.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жыл сайын болуп турчу чоң маалымат жыйыны болуп өттү.

Журналисттер менен жолугушуу пандемияга байланыштуу онлайн-форматта өттү. Лавров бардык өлкөлөрдүн журналисттеринин суроолоруна үч саат бою жооп берди. Анын урунттуу учурларын тезис түрүндө сунуштайбыз.

  • Россиянын ТИМи бийлик басым жасап жаткан Латвиядагы Sputnik жана Baltnews агенттиктеринин журналисттерине колдоо көрсөтүүдө. Министрлик эл аралык уюмдардан чара көрүүнү талап кыла бермекчи. Ошондой эле юристтер менен Мекендештердин укугун коргоо фонду ишке киришет;
  • АКШнын тышкы саясатынын маани-маңызы жаңы администрациянын келиши менен өзгөрүп кетпейт. Мындан ары дагы "америкалык жашоо түшүнүгүн" таңуулоо улана бермекчи. АКШ Россия — Кытай мамилесин суутууга аракет жасайт;
  • АКШ бийлиги интернетти көзөмөлгө алууну ойлонууда. Ошондуктан америкалык коомчулук тармактын эркиндигин талашышы керек. Дональд Трамптын соцтармактан четтеп калышына комментарий берген Лавров АКШ Адам укуктары жөнүндөгү конвенцияга кол койгонун эскертти. Ага ылайык, ар бир адам жашаган жерине карабастан маалыматка ээ боло алат. Ошондуктан Facebook, Twitter же YouTube тармактарынын милдеттенмеси жок деп айтууга болбойт. Милдет мамлекеттин мойнунда, ал бул укукту бардык жарандарга камсыздашы керек;
  • АКШ пандемияны басым жасоого, шантаж кылууга, ультиматум коюуга колдонду. Ошондой эле башка мамлекеттердин ички ишине кийлигишүү үчүн бир тараптуу чектөөлөрдү коюп жатты. Мисалга Беларусту алсак болот. Батыш БУУнун пандемия учурунда медикаменттерди жеткирүүдө коюлган санкцияларды токтотуп туруу чакырыгын тоготпой койду;
  • Тоолуу Карабахтын статусу Азербайжан, Армения жана Россиянын үч тараптуу келишиминде көрсөтүлгөн эмес. Тоолуу Карабахты курамына киргизип алуу Россиянын оюнда дагы жок.
145
Белгилер:
басым, интернет, Россия, АКШ, Сергей Лавров
Тема боюнча
Тоолуу Карабах: Путин, Алиев жана Пашиняндын сүйлөшүүсү дээрлик 4 саатка созулду
Лавров РФ башка өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишүүдө деген кинеге жооп берди
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев. Архив

Аспеков Жапыкеевге 50 миң доллар берүүгө камынганбы? Финпол жооп берди

1105
(жаңыланган 14:47 18.01.2021)
Азыркы тапта Жапыкеев Бишкек ТЭЦинин ишин текшерип жүрөт, ал тууралуу айтылган кептер карандай калп.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеевдин айланасындагы кептер боюнча аталган органдын маалымат кызматы комментарий берди.

Белгилей кетсек, айрым ЖМКлар "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигин опузалап 250 миң доллар талап кылды деп кармалган Мелис Аспеков өз көрсөтмөсүндө 50 миң долларын Жапыкеевге бермек болгонун айтканын жазган. Ошондой эле Финполдун төрагасы жакында камалары туурасында кеп тарады.

Финполдун маалымат кызматы айтылгандардын баары тастыкталбаган, карандай калп экенин билдирди.

"Учурда Финансы полициясы тарабынын коррупция, экономикалык жана финансылык кылмыштар менен күрөш тынымсыз жүрүп жатат. Жогорку рангдагы аткаминерлер аралашкан резонанстуу кылмыштуу схемаларды аныктап, алдын алууда. Мындан улам биздин кызматтын жетекчилигине көө жабууга аракет кыла башташты. Андай учур дагы кайталанышы мүмкүн, бирок биз ишти токтотпойбуз. Эң башкысы — элдин ишеними жана колдоосу керек", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Аспековдун көрсөтмөсүндө айтылгандар чындыкка дал келбей турганы белгиленет.

Маалымат кызмат азыркы тапта Жапыкеев Бишкек ТЭЦинин ишин текшерип жүргөнүн кошумчалады.

1105
Белгилер:
ушак, көрсөтмө, финансы полициясы, Сыймык Жапыкеев
Тема боюнча
Жапыкеев: пандемияда иштеген аткаминерлердин баары сурак берип, көбү камалат
Илдетим күчөп кетти. Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев ооруканага түштү
Айылдагы жашоо. Архивдик сүрөт

Пандемияда кыйналган Жалал-Абаддын 65 айылын өнүктүрүүгө инвестиция тартылды

12
Долбоордун биринчи этабында жумуштар Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен районундагы тандалган айылдарда жасалат.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда 65 айылга инвестициялык каражат тартылат. Бул туурасында өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

"CASA-1000 жергиликтүү коомчулукту колдоо үчүн кошумча каржылоо" жаңы долбоорунун алкагында кыргыз өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы атайын каржылык макулдашуу жүргүзүлгөнү айтылат.

Бул багытта өткөн жыйынга облус жетекчиси Абсаттар Сыргабаев, долбоордун уюштуруучулары жана жергиликтүү бийлик башчылары катышкан.

"Каражат COVID-19 пандемиясында жабыркаган айылдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталат. Биринчи этаптагы жумуштар Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен районундагы тандалган айылдарда жасалат. Мында медициналык мекемелердин абалын жакшыртууга басым жасалмакчы. Каражатты пайдаланууда жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү менен сунуштары да эске алынат", — деп айтылат маалыматта.

Долбоор АРИС аркылуу 2024-жылга чейин иштеп, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын 151 айыл аймагын камтыйт. Жалпы бюджети 21 миллион доллар, анын 50 пайызы грант түрүндө эсептелет.

12
Белгилер:
долбоор, өнүктүрүү, айыл, пандемия, Жалал-Абад облусу
Тема боюнча
Кыргызстанга кандай инвестициялар тартыла турганы айтылды
Жалал-Абад шаарынын автоунаа базары көчүрүлөт
COVID биринчи катталган Жалал-Абадга 11 тез жардам унаасы берилди. Сүрөт