Жогорку Кеңештин жолугушунда өкмөт мүчөлөрү жана депутаттар өкмөтүнүн отчету каралып жатат. Архив

Тилинен көп жаңылган "элита". Азыркы депутаттарды унуттурбай турган 10 факты

1274
(жаңыланган 13:07 19.05.2020)
Жогорку Кеңештин бул чакырылышынын мөөнөтү аяктаарына бир нече ай калды. Азыркы депутаттар элдин эсинде эмнеси менен каларын тизмектеп көрдүк.

Быйылкы жылдын октябрь айында кийинки парламенттик шайлоо болот. Аны утурлай Sputnik редакциясы парламенттин акырындык менен жыйынтыкталып бара жаткан ишине, андагы өткөн-кеткен окуяларга көз чаптыра баштады.

Бүгүн артка кылчайып, азыркы парлементтеги кызыктуу, чуулуу, кыскасы, тарых барактарында сакталып калчу окуяларды эске салдык.

Кыргыз парламентинин тарыхындагы эң жаш спикер

Азыркы төрага Дастан Жумабеков 2017-жылдын 25-октябрында Жогорку Кеңештин спикери болуп шайланган. Жумабеков 41 жашында өлкөнүн экинчи адамы болуп, Жогорку Кеңештин тарыхында эң жаш төрагага айланды. Ага чейин бул макам Абдыганы Эркебаевге тиешелүү болчу. Ал ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынын 43 жашында башкарган.

Депутат катары добуш бере алган вице-премьер

2017-жылдын декабрь айында КР Баш мыйзамынын 72-беренесине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, депутат Аскар Шадиев биринчи вице-премьер болуп дайындалган. Ал тарыхта алгачкы жолу өкмөт мүчөсү болуп турса дагы депутаттык мандатын сактап калган. Мыйзамга ылайык, Шадиевдин бардык пленардык жыйындарда добуш берүү укугу бар эле.

Индира Жолдубаевага буюрган 105 добуш

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматка дайындоо жана кетирүү боюнча маселени кароо дал ушул парламентке буюрган. Кызыгы, депутаттар аны 2015-жылы январь айында башкы прокурорлукка дайындап жатканда 105 добуш менен колдоп берсе, 2018-жылы президенттин "башкы прокурор Индира Жолдубаева өзүнө жүктөлгөн милдеттерди тийиштүү түрдө аткарбай жатат" деген пикирине дагы 105 добуш менен макул болгон.

Жетекчилер көп алмашты

Беш жыл ичинде бул чакырылыш үч ирет төрага алмаштырды. Алгач парламентти КСДП фракциясынан депутат Асылбек Жээнбеков башкарып турган. 2016-жылы агасы, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болуп келип төрагалык кызматын тапшырып берген. Андан соң бул орунга келген анын партиялашы, фракция лидери Чыныбай Турсунбеков төрагалыкта бир жылдай кармалып турду. 2017-жылдын октябрь айында Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды.

Бул аралыкта көпчүлүк фракциялар дагы лидерлерин алмаштырууга жетишти. Тагыраагы, "Өнүгүү — Прогресс" менен "Бир Болдон" башка төрт фракция тең улам жаңы жетекчилүү болуп жатты. Мисалы, "Ата Мекенди" Өмүрбек Текебаев соттолгон соң Алмамбет Шыкмаматов, андан кийин Айсулуу Мамашова башкарды. КСДПда Чыныбай Турсунбековдун ордун Иса Өмүркулов, "Кыргызстанда" Канат Исаевдин ордун Алмаз Баатырбеков, "Республика — Ата-Журтта" Өмүрбек Бабановдун ордун Руслан Казакбаев, кийин Жыргалбек Турускулов ээледи.

Дүйнө салган депутаттар

Тилекке каршы, бул чакырылышта жоготуулар дагы болбой койгон жок. 2017-жылдын ноябрь айында "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Улан Чолпонбаев узакка созулган оорудан кийин акка моюн сунду. Андан эки ай өтүп-өтпөй, 2018-жылы 2-январда "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Жыргалбек Калмаматов каза болду. Ал эми ошол эле жылдын жай айларында "Кыргызстан" фракциясынын дагы бир депутаты Нурланбек Кадыкеев жүрөк оорусунан улам Түркиянын ооруканасында көз жумду.

Франкфурт жана Маяне, элита, Казакстандагы доклад...

Парламентарийлер беш жыл ичинде көп ирет тилинен жаңылып, эл арасында күлкүгө калган учурлар болду. Спикердин бир эмес эки жолку "Франкфурт жана Маянесин" кыргызстандыктар көпкө чейин унутпайт болуш керек. Андан соң Жумабековдун Казакстанга болгон иш сапарында окуган доклады эл арасында гана эмес, өзүнүн кесиптештери тараптан дагы сынга алынган. Андан тышкары, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден өз дарегине "чимкирик" деген сөз уккан эл өкүлдөрү арданып, өздөрүн "элитабыз" деп чыгып, дагы бир ур-тепкиге алынганы эсибизде. Кийин ошол эле "элитанын" автору Кожобек Рыспаев "профсоюздар бизди койсуңар деп жатышат" деп ызаланган эле.

Атамбаев менен Исаковду "экс" макамынан ажыраткан

2019-жылдын июнь айында мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге бир нече айып тагылган соң, аны Жогорку Кеңеш экс-президент макамынан ажыраткан. Бул үчүн Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча комиссия түзүлгөн.

Ага чейин парламент Сапар Исаков башында турган өкмөттүн 2017-жылдагы ишин канааттандырарлык эмес деп таап, отставкага кетирген. Исаков кызматтан кетип жатканда кийинки өкмөткө Кыргызстандын экономикасын жакшы абалда өткөрүп берип жатканын, эгер алар ушул багыт менен кетсе, профицит жыл сайын 20 миллиард сомду түзүп турарын айткан. Бирок Исаков "Өкмөт тууралуу" конституциялык мыйзамга ылайык, парламент анын ишине ишеним көрсөтпөгөндүгү үчүн экс-премьер-министр макамынан ажырап калган.

Педофилдерге жеңилдик

2019-жылдын 1-январында жаңы Жазык кодекси ишке кирген. Көп өтпөй эле адистер андагы айрым нормалардын өтө эле гумандашып кеткенин айтып чыгышкан, мисалы, көпчүлүктү педофилгерге карата жазанын жумшарышы кыжырланткан. Кийин журналисттер эл өкүлдөрүнө кайрылганда, айрымдары документти окубаган сыяктуу таң калган учурлар болгон. Бирок көпчүлүк депутаттар кодекстер абдан шашылыш түрдө кабыл алынганын моюндаган. "Бул маселе боюнча мыйзамды иштеп чыккан адистер жана өкмөт гана эмес, эл өкүлдөрү дагы уят болгонун" депутат Элвира Сурабалдиева парламент жыйынында айткан.

Кылмыш иштер жана соттолуулар

Парламенттин бул чакырылышында бир топ депутаттын аты чуулуу кылмыш иштеринде аталды. Айрымдары мунун аркасынан мандатынан ажырады. Басымдуу бөлүгү "Коррупция" беренеси менен айыпталгандар. Айрым депутаттарды кримтөбөл Азиз Батукаевге, Бишкек ТЭЦиндеги коррупцияга жана Кой-Таштагы окуяга байланыштуу иштер темир тор артына сүйрөгөн. Соттолгон, иши кайра кароого жиберилген же кандайдыр бир себептер менен үй камагына чыгарылгандардын арасында Өмүрбек Текебаев ("Ата Мекен" фракциясы), Аида Салянова ("Ата Мекен"), Осмонбек Артыкбаев (КСДП), Музаффар Исаков (КСДП), Дамирбек Асылбек уулу ("Кыргызстан") бар. Ал эми кылмыш иштери козголгон же ага фигурант катары каралган эл өкүлдөрү: Акылбек Жапаров ("Бир Бол"), Өмүрбек Бабанов ("Республика — Ата-Журт"), Мээрбек Мискенбаев (КСДП), Игорь Чудинов ("Бир Бол"), Зарылбек Рысалиев ("Республика — Ата-Журт"), Ирина Карамушкина (КСДП), Асел Кодуранова (КСДП).

Өкмөт мүчөсү болуп кетсе дагы депутаттык мандатын сактап калган "бирболчу" Аскар Шадиев АКШга качып кеткен. Ага ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закировдун Шадиев кол койгон каттын негизинде эки миллион сомду кымырып алган факты боюнча кылмыш иши себеп болгон. Шадиевдин үй-бүлөсүнүн мүлкү камакка алынган, ал эми өзүн сырттан камоо чечими чыккан.

Майыпка кол сунган төрага

Ал ортодо парламентте элдин жүрөгүн жылыткан дагы окуя болду. Төрага Дастан Жумабековдун машыгуу залында таанышып калган майып жигит Улан Бердибаевге кол сунуп, ал тургай коомдук иштер боюнча жардамчы кылып алганы көпчүлүктү кайдыгер калтырган жок. Экөөнүн залдагы машыгуусу тууралуу Sputnik редакциясы видео даярдаган эле. Ышкыбоз, тагдырга сынбаган өжөр жигит Жумабековдун көңүлүнө төп келип, жакын адамына айланганы жашоонун мындай оор сыноосуна кабылган бир топ адамдар үчүн стимул болду деген ишеничтебиз.

Белгилей кетсек, бул чакырылыштын мөөнөтү бүтөрүнө бир аз гана убакыт калды. 2020-жылы өтчү парламенттик шайлоонун болжолдуу датасы — 4-октябрь. Аны так белгилөө боюнча чечим 26-июндан 6-июлга чейин кабыл алынат.

1274
Белгилер:
факты, депутат, Жогорку Кеңеш, Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков ЖЕЭКтин видео жыйынына катышат. Талкууланчу маселелер
Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 19-кеңешмеси учурунда

Оор жүктөрдү үзгүлтүксүз ташууну жакшырталы. Новиков ШКУ жыйынында маселе көтөрдү

76
(жаңыланган 22:31 30.11.2020)
Новиков ШКУга мүчө-мамлекеттерге Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. ШКУ өлкөлөрүнүн ортосунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен оор жүктөрдүн үзгүлтүксүз ташылышына шарттарды түзүү жана көзөмөл өткөрүү жайларынын толук кандуу иштеши маанилүү. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 19-кеңешмесинде айткандыгын маалымат кызматы билдирди.

Жыйын видеоконференция форматында өткөн.

"Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы товар алмашууда "жашыл коридор" механизмин пайдаланууну кеңейтүү жолу менен көзөмөл-өткөрүү жайлары аркылуу жүк ташуучу автотранспорттордун кирип-чыгуу тартибин, процедурасын жөнөкөйлөштүрүүнү кароону сунуштайт", — деген Новиков.

Мындан тышкары, премьердин милдетин аткаруучу санариптик технологияларды, анын ичинде электрондук соода жүргүзүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

Бул ШКУ өлкөлөрүнүн экономикасынын жогорулашына жана уюм алкагындагы толук кандуу санариптик күн тартипти ишке ашырууда кошумча түрткү болуп бере аларын айткан.

Новиков сөзүн жыйынтыктап жатып, кыйын кырдаалда өз ара колдоо көрсөтүү жакшы коңшулук мамилеге жана жалпы кызыкчылыкка жооп берерин айткан.

"Учурдагы негизги нерсе ─ калктын денинин сактыгы, социалдык-экономикалык туруктуулуктун сакталышы жана жарандарыбыздын эртеңки келечегине ишеними", — деген премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Ошондой эле ал ШКУга мүчө-мамлекеттерге Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.

76
Белгилер:
жыйын, Артем Новиков, ШКУ, Кыргызстан
Тема боюнча
Путин: бүгүнкү ШКУ саммитинде өтө маанилүү документтерге кол коюлат
Садыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлерине КРдеги шайлоо таза өтөрүн айтты
Кыргызстандын президентинин милдетин аткарып жаткан жана ЖКнын спикери Талант Мамытов

Талант Мамытовдун Россияга иш сапары үч күнгө созулат

84
(жаңыланган 21:14 30.11.2020)
Иш сапар туурасында толук маалымат жок. Буга чейин Жогорку Кеңештин спикеринин Россиянын Мамдумасынын төрагасы менен жолугары айтылган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, ЖК спикери Талант Мамытовдун Россияга иш сапары үч күн — 6-8-декабрда болот. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.

Анын сөзүнө караганда, сапар Жогорку Кеңеш менен Россиянын Мамлекеттик Думасынын алкагында болот.

Калган маалыматтар кийинчерээк айтыларын кошумчалады.

Мамытовдун сапары боюнча маалыматты буга чейин Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин билдирген. Ал жолугушуу 7-декабрда болорун айткан.

84
Белгилер:
иш сапар, Вячеслав Володин, Талант Мамытов, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Ак үйдө чек ара маселелери жана президенттик шайлоого даярдыктар талкууланды
Талант Мамытов Россияга расмий иш сапары менен барат