2009-2010-жылдарда Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев

Бакиевдердин VIP-шаарчасы кантип сатылган? 2,5 жыл иликтенген иштин чоо-жайы

1267
(жаңыланган 14:20 19.05.2020)
Өлкөдөгү саясий окуялардан улам он жыл мурун бийликтен кетүүгө мажбур болгон мурдагы президент Курманбек Бакиевге жана анын жакындарына тиешелүү бир топ мүлк улутташтырылган. Андан соң ал объектилер сатылып, айрымдары кылмыш иши менен коштолгон.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жогорку кызматтагы адамдар, ири компаниялар аралашкан бир чуулуу  иштин чоо-жайын иликтеди.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2009-2010-жылдарда Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин жакындары Бишкек шаарынын четине VIP-шаарча курдура баштаган. План боюнча, курулушу аяктаган турак жайларга Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрү жана алардын табакташтары ээ болмок.

Көздөгөн максатка жетүү үчүн бийлик башындагы бир ууч топ, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү №1 мамлекеттик резиденциянын түштүк тарабынан 12,4 гектар жерди жеке курулуш компанияга мыйзамсыз берген. Мындайча айтканда, ал жоопкерчилиги чектелген коом 2008-жылы айыл чарба багытындагы жерди 49 жылга ижарага алып, 2009-жылы ал жерде өсүп турган 7261 даана алманы тамыры менен кыйып, жай айларында курулушка тиешелүү уруксат кагаздары жок эле 48 объектини сала баштаган.

Бирок 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин бийлик алмашып, VIP-шаарчанын курулушу менен документтери соңуна чыкпай калган.

Бир нече айдан кийин үйлөр улутташтырылып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуга өткөрүлгөн.

Кийин 2017-жылы ал жердин жана жарым-жартылай бүткөн курулуштардын баасы эсептелип, 212 миллион 663 миң 945 сомдон негизсиз түрдө 127 миллион сомго түшүрүлгөндүгүн укук коргоо кызматкерлери аныктап чыккан.

Муну кийин соттук-баалоо экспертизанын комиссиясы да тастыктап, анын баасы кеминде 187 миллион 208 миң 403 сом деп бүтүм чыгарган.

Ал эми ошол кездеги Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жогорку кызматтагы адамдары аны сатуу үчүн баштапкы баасы 130 миллион сом болгон аукцион жарыялайт. VIP-шаарчаны сатып алуу ниетин билдирип, ага төрт жеке курулуш компания ээлери катышкан. Жалпы эки жолу уюштурган аукцион тең мыйзам жана тартип бузуулар менен коштолгондугун кийин тергөөдө орган кызматкерлери айтып чыккан. Катышуучулардын бири БТА жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Темир Рыскулов апасына катталган "КонцептСтройИнвест" аталышындагы компания менен ат салышып, 12,4 гектар жерди 48 объектиси менен 142 миллион сомго утуп алган.

Аукцион аяктагандан бир нече саат өткөндөн кийин эле жеңүүчү болгон Рыскулов мурдагы макулдашуусу боюнча биринчи аукционго катышкан жоопкерчилиги чектелген коомдун бирине жети гектар жерди курулушу менен сатуу боюнча алдын ала келишим түзүп, үч күндөн кийин 85 миллион 770 миң 130 сомго сатып жиберген.

Бүдөмүк ой жараткан ал аукциондон кийин жергиликтүү журналист иликтөө жүргүзүп, VIP-шаарча өзүнүн баасынан арзан сатылып кеткендигин ачыктаган айрым фактыларды билдирген.

Ошондон кийин гана укук коргоо органдары тергөө иштерин баштап, ага аралашкан аткаминерлерди, ири ишкерлерди камакка алган.

Камалгандардын арасында ошол кездеги Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Болсунбек Казаков, анын орун басары Бакытбек Мураталиев, VIP-шаарчанын баасын бычкан ЖЧКлардын биринин директору Сергей Дибров бар эле.

БТА жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Темир Рыскулов убактылуу кармоочу жайга киргизген.

Тергөө маалында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд республика казынасына 45 миллион 208 миң 403 сом өлчөмүндө зыян келтиргендиги айтылып, аталган мекеменин айрым жогорку кызматтагы жетекчилерине "шалаакылык", "өз ишин так аткара алган эмес", "кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган" деген кине коюлган. Бирок айыпталуучулардын көпчүлүгү коюлган айыптар боюнча күнөөлөрүн мойнуна алган эмес.

Эки жылдан ашык убакытка созулган тергөө жана соттук териштирүүдөн соң №1 мамлекеттик резиденциянын түштүк тарабындагы мүлктү аукциондон утуп алган компания баалоодо айырма болгон 45 миллион 208 миң 403 сомду Башкы прокуратуранын эсебине 2019-жылдын сентябрь айында которуп берген. Ошондон кийин гана сот ал мүлктү камактан чыгарган.

Жыйынтыгында фемида өкүлдөрү Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков жана анын орун басары Бакытбек Мураталиевди Жазык кодексинин 331-беренесинин ("Шалаакылык") 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, экөө өлкө казынасына 240 миң сомдон төлөмөр болуп үй камагынан бошотулду. Аукционго коюлган мүлктүн баасын эсептеген ЖЧКнын директору Сергей Дибров Жазык кодексинин 359-беренесинин 2-бөлүгү ("Билип туруп жалган расмий документти пайдалануу") боюнча төрт жылга эркинен ажыратылды. 2018-жылдын 16-апрелинен баштап тергөө абагында жаткандыгы эске алынып, камактан бошотулду. Улутташтырылган мүлктү баалоого катышкан дагы бир коомдук бирикменин директору Жазык кодексинин 233-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча айыбы угузулуп, мамлекетке 180 миң сом төлөмөй болду.

Ал эми БТА жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Темир Рыскулов акталып, Ички иштер министрлиги тарабынан камакка алынган толгон-токой мал-мүлкү кайтарылып берилип, чуулуу соттук ишке 2020-жылы гана чекит коюлду.

Материал Жогорку соттун расмий сайтындагы өкүмдүн негизинде даярдалды.

Ошондой эле кезинде Бишкектин айланасындагы жүздөгөн гектар жер кантип сатылып кеткендигин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

1267
Белгилер:
өкүм, жер, коррупция, сот, Кыргызстан
Жогорку соттун алдындагы Сот департаменти. Архив

Сот департаментине жаңы жетекчи келди. Мурда Мамкаттоодо иштечү

120
(жаңыланган 23:37 27.05.2020)
Жаңы дайындалган жетекчи Кожомбердиев 2012-жылдан 2014-жылга чейин Сот департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу болгон.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Жогорку соттун алдындагы Сот департаментине жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтына жарыяланган.

Маалыматка ылайык, жаңы жетекчи — Урмат Кожомбердиев. Буга чейин ал Каттоо кызматында жетекчинин орун басары болуп иштеп келген.

"Мамлекеттик каттоо кызматына барганга чейин Кожомбердиев көп жылдар бою Сот департаментинде ар кандай кызматтарда иштеген. 2012-жылдан 2014-жылга чейин Сот департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми буга чейин департаментти башкарып келген Кубанычбек Капалов Жогорку соттун алдындагы Соттук иштерди аткаруу кызматынын начальниги, башкы сот аткаруучусу болуп дайындалганы айтылды.

120
Белгилер:
дайындоо, жетекчи, жогорку сот
Тема боюнча
Төбө чач тик турат! Адвокаттын КРдеги соттор тууралуу агынан жарылган маеги
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы Ворух айылы. Архив

Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан тарапка дагы кайрылуу жасады

302
(жаңыланган 22:29 27.05.2020)
Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарапты ЖМКларга так эмес маалыматтарды таратпоону жана чек арада болгон окуяга бааны биргелешип берүүгө чакырды.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара күчтөрүнүн "Кыргызстан тарап Тажикстандын жаранына, аял кишиге ок чыгарып чагымчылдык кылды" деген кабары чындыкка жатпайт. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришти.

27-майда Баткен районунун Жака-Өрүк аймагында Баткен жана Исфара райондорунун өкүлдөрүнүн кырдаалды териштирүү боюнча жолугушуусу өттү. Кыргыз-тажик чек ара кызматынын өкүлдөрү чек ара тилкесинде чатактын алдын алуу жана аны мындан ары болтурбоо маселесин талкуулады. Алар аталган маалыматты эки тараптан тең объективдүү карап чыгууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Бул факты боюнча эки мамлекеттин тартип коргоо органдары биргелешип териштирүү иштерин баштады.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарапты ЖМКларга так эмес маалыматтарды таратпоону жана чек арада болгон окуяга бааны алар менен биргелешип берүүгө чакырды.

Учурда кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экени айтылды.

302
Белгилер:
териштирүү, Мамлекеттик чек ара кызматы, жалган маалымат, чек ара, Тажикстан, Кыргызстан
Тема боюнча
КРдин Чек ара кызматы тажикстандык кесиптештерин абалды курчутпоого чакырды
Чек арадагы чатак боюнча Тажикстандын маалыматы
Нью-Йорк шаарынын Таймс-сквериндеги көчө шыпыргыч

Америкада депрессияга түшүп, тынчсыздангандар кескин көбөйдү

0
(жаңыланган 10:28 28.05.2020)
АКШнын Эл каттоо кызматы пандемиянын ар кайсы тармакка тийгизген таасирин баалоо үчүн жума сайын сурамжылоо жүргүзө баштады.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Америкада пандемия башталгандан бери депрессия менен тынчсызданууга кабылгандар кескин көбөйдү. Бул тууралуу Washington Post АКШнын Эл каттоо кызматынын изилдөөсүнө таянып жазды.

Бюро апрелдин аягында жумушка орношуу, финансы, билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүнө пандемиянын тийгизген таасирин баалоо үчүн жума сайын сурамжылоо жүргүзө баштаган. Акыркы сурамжылоо 7-майдан 12-майга чейин жүргүзүлүп, ага 42 миң респондент катышкан. Анда адамдардын психикалык абалын билүү үчүн төрт суроо берилген.

Басылманын маалыматы боюнча, иликтөөгө катышкандардын 24 пайызында олуттуу депрессиянын белгилери аныкталса, 30 пайызында тынчсыздануу байкалган. Мындай симптомдор көбүнчө жаштарда кездешкени айтылат. Ошондой эле эркектерге караганда аялдарда тынчсыздануу менен депрессия көп катталган.

Адистер пандемияга чейин бул көрсөткүч кыйла ылдый болгонун белгилешет. Маселен, 2014-жылы сурамжылоого катышкандардын 25 пайызы маанайы чөгүп жүргөнүн айткан. 2020-жылы бул статистика 50 пайызга өскөн. Анын 10 пайызы күн сайын маанайы жок экендигин билдиришкен.

АКШнын калкты каттоо бюросу үч ай ичинде жума сайын сурамжылоо өткөрүүнү ниеттенип жатат.

Америка COVID-19 инфекциясы аныкталган учурлардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Ал жакта ооругандардын саны 1 миллион 600 миңден ашып, жүз миңден көп киши көз жумду.

0
Белгилер:
депрессия, пандемия, коронавирус, АКШ
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Коронавируска каршы Япония чыгарган вакцина июлда сынактан өтөт
Япония Кыргызстан баш болгон 11 өлкөнүн жарандарына кирүүгө тыюу салды