Жээнбеков ЕАЭБ жыйынында КР жарандарын мекенине кайтаруу маселесин көтөрдү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видеоконференция форматындагы жыйын учурунда
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видеоконференция форматындагы жыйын учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус пандемиясынан улам дүйнөнүн көп өлкөлөрү чек араларын жаап алган. Алардын арасында ЕАЭБ мамлекеттери дагы бар. Мындан улам миңдеген кыргызстандык өлкөгө кайтып келе албай жатат.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Азыркы учурда сыртта жүргөн жарандарыбызды мекенине кайтарып келүүнүн ылайыктуу жана оңтойлуу жолдорун пайдаланышыбыз керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видеоконференция форматындагы жыйынында айтты.

Президенттин пикиринде, азыркыдай оор кырдаалда ЕАЭБдин курамына кирген өлкөлөрдө жүргөндөрдү колдоо өтө маанилүү.

"Бүгүн биз жарандарыбызды мекенине кайтарып келүү үчүн болушунча ыңгайлуу жолдорун пайдаланышыбыз керек", — деди Жээнбеков.

Эске салсак, коронавирус пандемиясынан улам дүйнөнүн көп өлкөлөрү чек араларын жаап алган. Алардын арасында ЕАЭБ мамлекеттери дагы бар. Мындан улам миңдеген кыргызстандык өлкөгө кайтып келе албай жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0