Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков

ЖАМК: Сапар Исаков ага медициналык тастыктама менен кирүүнү талап кылууда

(жаңыланган 19:40 19.05.2020)
Ведомстводон Исаков жана Алмазбек Атамбаевдин башка тарапташтары коронавируска тест тапшырып, жыйынтыгы таза чыкканын айтышты.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков №1 Тергөө абагынын кызматкерлеринен ага оорудан текшерилген деген медициналык тастыктамасы болгондордун гана киришин талап кылып жатат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Ведомство анын азыр жактоочулар менен кездешүүнү каалабай тургандыгын айтканын эске салды. ЖАМКтан Исаков жана Атамбаевдин камактагы жети тарапташы - Равшан Жээнбеков, Фарид Ниязов, Фархат Баабиев, Рысбек Карыпбек уулу, Канат Осмоналиев, Мээрбек Мискенбаев жана Канат Сагымбаев коронавируска тест тапшырып, жыйынтыгы таза чыккандыгын айтышты.

"Сапар Исаков азыр жактоочулар менен жолуккусу келбей тургандыгын айткан. Аны менен катар эле оорудан текшерилген деген медициналык тастыктамасы болгондордун гана киришин талап кылып жатат", — деп айтышты ЖАМКтан.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Маалыматта атайын контингенттин арасынан бүгүн COVID-19 табылбагандыгы кабарланды. Буга чейин коронавирустун тергөө изоляторундагы канцелярия кызматкеринен чыккандыгы айтылган. Ведомство анын эркинен ажыратылгандар менен түздөн-түз иштебегени, тагыраагы, байланышы болбогондугун билдирген.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Сапар Исаков Свердлов райондук сотунун чечими менен 15 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган. Ал Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо коррупциялык иштерге барган деп айыпталган. Учурда Бишкекте Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер боюнча сот жүрүп жатат. Калгандары Кош-Таш окуясы боюнча кармалууда.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1243 болду. Анын ичинен 898и айыгып, 14 киши каза тапкан.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Белгилер:
ЖАМК, тастыктама, түрмө, коронавирус, Сапар Исаков, Кыргызстан
Тема:
Сапар Исаковдун камалышы (42)
Тема боюнча
Тилинен көп жаңылган "элита". Азыркы депутаттарды унуттурбай турган 10 факты

НАТО чалгынчылары РФ чек арасына тез-тезден каттап калышты. Максаты эмне

(жаңыланган 11:50 20.04.2021)
НАТОнун учактары акыркы аптада рекордун жаңылап, Россия чек арасына 58 жолу жакындап келди.

Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, чет элдик чалгынчылар чагымчылык жасоодо. Өтө эле жакын учуп келгендиктен Россиянын истребителдери асманга көтөрүлүп, "мейманды" узатып барууга аргасыз болгон.

НАТОнун учактары Камчатка менен Кара деңизден эмне "шимшилеп" жүрөт? Украина менен таанылбаган Донбасс Республикасынын чектешкен аймагына эмне максат менен байкоо салууда? Жоопту биздин видеодон алууга болот.

Белгилер:
Украина, Кара деңиз, учак, чек ара, Россия, НАТО
Тема боюнча
Украина НАТОго кирет деп ишенип... Россияга ким чагымчылык жасоодо
АКШнын президенти Жо Байден. Архив

Путинге Байден менен жолугуунун эмне зарылчылыгы бар

(жаңыланган 20:02 19.04.2021)
Ансыз да олку-солку болуп турган Россия-Америка мамилелери акыркы айда өзүнчө эле театрга, вашингтондук актёрлор койгон оюнга айланып кетти.

Алгач Байден Путинди "жан алгыч" деп атады, андан соң "Россиянын Украинаны басып алуу кооптуулугун" күчөткөн Байден Путинге чалып жакын арада жолугушууну сунуштады да эртеси жаңы санкциялар тууралуу жарлыкка кол койду. Андан кийин ЖМК алдына чыгып, "Россия менен чырдашууну каалабай турганын", АКШ чогуу иштешүүгө кызыкдар экенин, бул үчүн жай айларында Путин менен жолугушуу ниети бар экенин айтты. Көшөгө.

Кырдаалга РИА Новости абай салды.

Ушу тапта Байдендин жаңылганын да тамашалоо орунсуз болуп калды. Бирок Вашингтондогулар Россиянын айласын таппай, улам бир ыкманы пайдаланып жатат деп да айта албайсың. Жок, Ак үйдө максатын так түшүнгөн, Россия боюнча көрчү аракеттери айкын адамдар отурат. Буга мүмкүнчүлүгү жетиштүүбү, америкалык кызыкчылыктын көз карашынан алып караганда канчалык туура стратегия? Жок, дарамети жетпейт. Муну түшүнүү Кремль үчүн стратегиялык планда маанилүү, ал эми азыр тактикалык планда башка нерсе кызык болуп турат: Путин болуп жаткан окуяларга кандай мамиле жасашы керек? Же Байден менен жолугушууга барышы керекпи?

Бир караганда сүйлөшүү россиялыктарга караганда америкалыктар үчүн зарыл сыяктуу эле. Мындан улам Байден оң-тескери кадамдары менен Путинди жолугушууга мажбурлап жатат деген да сөз болгон. Демек, ою менен болуп сүйлөшүүлөргө барбай, тыным алып туруу керек деген кептер айтылган болчу.

Америкалыктар чындап эле моюн толгогондорду жаман көрөт, өздөрү да сүйлөшүүгө көп бара беришпейт. Кээде мындай аракет акталып калат, Иран менен Түндүк Кореянын мисалы буга далил. Пхеньян АКШнын кезектеги жосунсуз аракетинен соң бир жылдан бери америкалыктар менен байланышка чыкпай келет. Коронавирус боюнча чектөөлөрдөн улам деп айтууга болбойт. Ирандыктар да түз байланыштан бир нече ирет баш тартты, керек болсо жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө макул болбой жүрөт. Бул ошол өлкөлөрдүн, алардын АКШ менен болгон алакасынан алып караганда туура, татыктуу кадам. Россиянын масштабы да, контексти да такыр бөлөк.

Кеп Путиндин биринчи болуп жолугушууну сунуштаганында деле эмес. Эскерте кетсек, РФ лидери АКШ президентинин чуулуу сөзүнөн кийин түз эфирде дебат форматында жолугууну демилгелеген. Путин өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн ким менен болсо да сүйлөшүүгө даяр. Россиянын кызыкчылыгы эмнеде? Санкцияларды жумшартуу боюнча Америка менен келишүүбү? Же Жакынкы Чыгыш, Афганистандагы көйгөйлөр, Ирандын өзөктүк келишими, Түндүк Кореянын ракеталык-өзөктүк программасы сыяктуу аймактык маселелер боюнча тил табышуубу? Украинабы?

Жок, мунун баары локалдык көйгөй. Канчалык маанилүү болсо да бул маселелер Байден менен жолугушууга себеп болуп бере албайт. Мында адамдык кызыкчылык баарынан жогору турат: кантсе да Путин үчүн Байден бешинчи президент, экөө мындан он жыл мурун жолуккан жайы бар. РФ лидери ал кезде Байдендин инсандыгын анализдөөгө жакшы мүмкүнчүлүк алган, ошентсе да дүйнөлүк аренада иштөө үчүн адамдын кандай экенин көбүрөөк билүү эч качан ашыктык кылбайт эмеспи.

Россиянын геосаясий стратегиясы, тышкы саясий оюну — мына ушул нерсе жолугушуунун кызыгын арттырууда. Россия XXI кылымдын дүйнөлүк системасын калыптандырууга катышуу ниетин билдирип тим болбостон бул жаатта жигердүү иш алып барууда. Америкалыктардай болбой, дүйнө үчүн таптакыр жаңы каркас түзүү менен алек. Ооба, Кытай менен иштешип жатат, анткени кызыкчылыктар дал келүүдө. Ооба, АКШга тыкыр баам салып, убагында жооп берип жатат, анткени америкалыктардын дүйнөнү деконструкциялоо аракети бардык ревизионисттик күчтөрдүн маанилүү маселесине айланып кетти.

Байден Россия АКШнын ишине кийлигишип жатат деп туура айтты. Кийлигишип жатат, бирок шайлоосуна эмес. Муну айтып, талашып-тартышуу бекер, "вашингтондун сазын" байырлагандар үчүн бул ички да, тышкы да саясатынын элементине айланып кеткен. Керек болсо "шайлоого кийлигиштирип" АКШ Россияны таасири күч держава катары сыпаттап койду.

Ооба, Россия кийлигишип, "АКШнын кызыкчылыктарын кыйратууда", болгону бул жерде алардын глобалдуу кызыкчылыгы, өзүн "эге" сезип алган текеберлиги тууралуу сөз болууда. Кошмо Штаттардын лидер аталууга күчү, дарамети жетпей калды. Материалдык жактан Америкадан алда канча алсыз болуп турган Россиянын орчундуу артыкчылыгы бар.

Өлкө тарыхтын туура багыты менен баратат, башкача айтканда, стратегиялык жактан аныкталып-такталган глобалдуу архитектура менен өнүгүүнүн тенденцияларына таянып өз тактикасын курууда. Россия учурда өзгөрүүлөрдүн лидери. Бул жагынан алып караганда Байден болобу, Камала Харрис болобу, кайсы лидер менен болсо да жолугушуунун зарылдыгы бар.

Белгилер:
сүйлөшүүлөр, жолугушуу, санкциялар, Владимир Путин, Жо Байден, АКШ, Россия
Тема боюнча
Байден Путиндин фамилиясын туура эмес айтып алды
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков

Медетбеков: КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздугу үчүн ЖККУ чоң иштерди жасоодо

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков ЖККУнун түзүлгөн максаты уюмга мүчө-мамлекеттерди тышкы агрессиядан сактоо болгонун айтты.

Жамааттык коопсуздук келишим биримдиги ага мүчө болгон өлкөлөрдү сырткы коркунучтардан сактоо максатында 1992-жылдын 15-майында түзүлгөн. Ошол кездеги курамына Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Армения кирген. Бир жылдан соң Азербайжан, Өзбекстан жана Беларусь мүчөлүкө кабыл алынган. Бул тууралуу Артур Медетбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Медетбеков: КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздугу үчүн ЖККУ чоң иштерди жасоодо

Анын айтымында, аталган уюм учурда бир гана террорчулук менен күрөшүүдө эмес, мыйзамсыз миграция, баңгизатын ооздуктоо жана IT багытындагы кылмыштуулуктарга каршы турууда да жетишкендиктерди көрсөтүп келет.

"ЖККУга кирген мамлекеттер 2002-жылдан баштап өз ишмердүүлүгүн күчөттү десек болот. Ушул убакыттан тарта ыкчам аскердик күчтөрдү тартууга басым жасалган. Бул максатта Кыргызстандан да бир батальон кошулган. Албетте, биримдиктеги аскер күчтөрүнүн 80 пайыздан ашыгын Россиянын күчтөрү камсыздайт. Ошентсе да бардык мүчө-мамлекеттер ар кандай сырткы коркунучтарга бирдиктүү күрөшүүгө даяр болгон чоң, өз тарыхы, орду бар уюм десек болот. Алгач биримдик террорчулук, экстремизмге каршы туруу үчүн гана түзүлсө, азыркы учурда интернет технологияларынын жардамы менен келтирилүүчү коркунучтарга, баңгизаты менен күрөшүүдө жана мыйзамсыз миграцияны ооздуктоодо чоң-чоң иштерди жасоодо", — деди Медетбеков.

Ал ЖККУнун чыгымдарынын 50 пайызын Россия каржылай турганын, калган 50 пайызын башка мүчө-өлкөлөргө бөлөрүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, учурда биримдикке алты өлкө мүчө.

Белгилер:
коопсуздук, уюм, ЖККУ, Артур Медетбеков
Тема боюнча
Медетбеков: экстремизмдин бир нече түрү бар