БУУ Кыргызстанга ыраазычылык билдирди. Себеби

Жазылуу
Эл аралык уюм өкмөттүн COVID-19 пандемиясынын социалдык-экономикалык кесепетин жеңилдетүү боюнча аракеттерине баа берген.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антонио Гутерриштин кеңсеси анын COVID-19 пандемиясы шартында глобалдык ок атууну токтотуу чакырыгын колдогондугу үчүн КРдин Тышкы иштер министрлигине ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Катта Кыргызстандын тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого багытталган аракеттерди колдоп, ишке берилгендиги белгиленген.

"Ошол эле учурда эл аралык уюм өкмөттүн COVID-19 пандемиясынын социалдык-экономикалык кесепеттерин жеңилдетүү боюнча аракеттерин, айрыкча калктын аяр тобуна көргөн камкордугуна баа берди. Мындан тышкары, БУУ системасынын КРдеги туруктуу координатору жетектеген БУУнун өлкөлүк командалары менен тыгыз кызматташкандыгын жогору баалады", — деп айтылат билдирүүдө.

Волонтерлор гуманитардык жардам берип жаткан убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
БУУ ачкачылык болорун болжоп жатат. Кыргызстан апаатка туруштук бере алабы?
Маалыматка ылайык, 30-апрелде ТИМ БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриштин COVID-19 пандемиясынын шартында глобалдык ок атууну токтотуу чакырыгы боюнча билдирүү жасаган. Анда Кыргызстан тынчтыкты колдогон мамлекет катары Бириккен Улуттар Уюмунун уставында жана башка эл аралык документтерде бекитилген принциптерди кармануу менен, тагыраагы, күч колдонбоо, ички иштерге кийлигишпөө, аймактык бүтүндүктү урматтоо жана эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу аркылуу чечүү менен уюмдун чакырыгын колдой турганы белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0