Депутат Исхак Масалиев парламенттен кетерин жар салды

Жазылуу
Жыйында Масалиев бийлик өкүлү катары өлкөдө түзүлгөн кырдаалга жоопкерчиликтүү экенин айтып, шайлоочуларынан кечирим сурап, мандатын өз каалоосу менен тапшырарын айтты.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Эл өкүлү Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин жыйыны учурунда депутаттык мандатын тапшырып, парламенттен кетерин айтты.

"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты атайын сөз сурап, трибунага чыгып сүйлөдү. Масалиев бийлик өкүлү катары мамлекетте түзүлгөн кырдаалга жоопкерчиликтүү экенин белгиледи. Андан соң шайлоочуларынан кечирим сурап, мандатын өз каалоосу менен тапшырарын билдирди.

"Элди оор акыбалга жеткирген бийликтин арасында мен да турам. Мен дагы буга жоопкерчиликтүүмүн. Себеби мыйзам долбоору болобу, башка сунуштар болобу, аны өкмөткө жеткире албадым. Талап кылып, бирок ишке ашыра алган жокмун. Ошондуктан депутаттык мандатты 25-майда тапшыруу чечимине келдим", — деди Масалиев.

Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков бүгүн Исхак Масалиевдин туулган күнү экенин белгилеп, мааракеси менен куттуктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0