Жээнбеков учак кырсыгына байланыштуу Пакистан президентине көңүл айтты

Жазылуу
Аба кемеси аэропорттун жанындагы эл жашаган жерге түшкөн. Учак 84 метр бийиктиктен кулаганы айтылды.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Пакистандын президенти Ариф Алвиге Карачи шаарынын жанындагы учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, Пакистандын эл аралык аба каттамдарынын Airbus A320 учагы Лахор калаасынан Карачи шаарына учуп баратып аэропортко жакын жерде кулап, анда 90 адамдын каза болгону кабарланган.

"Airbus A320 учагынын күтүүсүз кыйрагандыгы жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сизге жана бүткүл Пакистан элине бул кырсыктын кесепетинен каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтып, жабыр тарткан адамдардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм", — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

А320 аэробусу Лахордон Карачи шаарын көздөй чыккан. Flightradar24 кызматынын маалыматына караганда, 1,5 сааттан кийин учак конууга багыт алып, бирок 84 метр бийиктиктен кулаган.

Аба кемеси аэропорттун жанындагы эл жашаган жерге түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0