Акыйкатчы абактагы аткаминерлерден кабар алып, Атамбаевдин ден соолугун билди

Жазылуу
Мамытов УКМКнын тергөө абагындагы Алмазбек Атамбаев, Айбек Калиев, Каныбек Осмоналиев, Дүйшөн Зилалиев, Албек Ибраимов, Сардор Абдрахманов, Бектурсун Айталиевдер менен жолуккан.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Акыйкатчы Токон Мамытов УКМКнын тергөө абагында жаткан аткаминерлердин абалынан кабар алды. Бул тууралуу институттун маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Мамытов менен бирге тергөө абагына Акыйкатчы аппаратынын эркиндиги чектелген жерлерде адам укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Альберт Колопов да барган.

"Алар Алмазбек Атамбаев, Айбек Калиев, Каныбек Осмоналиев, Дүйшөн Зилалиев, Албек Ибраимов, Сардор Абдрахманов, Бектурсун Айталиевдер менен жолугуп, кабар алган. Сүйлөшүү учурунда экс-президент Атамбаев кан басымы өйдө-ылдый болуп жатканын айтса, Каныбек Осмоналиев ден соолугу жакшы эместигин билдирген", —деп айтылат маалыматта.

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат: пара алып кармалган тергөөчү Арпачиев мунапыс менен бошоп кетти
Мындан сырткары, камактагы аткаминерлер айрым укук коргоо органдарынын, соттордун иштерине нааразычылык пикирлерин да айтышкан. Акыйкатчы даттануу жана кайрылуулардын баарын жазып алып, аппарат кызматкерлери тарабынан анализ жүргүзүлөрүн кошумчалаган.

Буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейит Атамбаев атасынын ден соолугу кескин начарлап кеткенин социалдык тармактагы баракчасына жазган. Бирок УКМКнын маалымат кызматы экс-президенттин абалы туруктуу, эч кандай даттануу жок экенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0