Россия кыргыз-тажик чек ара көйгөйүндө ортомчу болууга даяр

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүГорода России. Москва
Города России. Москва - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия тарап Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы кырдаал курчуп баратканын белгилеп, аларга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Россия Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселесин жөнгө салууда ортомчулук кызмат көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу аталган мамлекеттин ТИМ башчысы Сергей Лавров шейшемби күнү ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин видеоконференция форматында өткөн жыйынынан кийин билдирди.

Чогулушту RT түз эфирден көрсөттү.

"Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы дайыма түшүнбөстүк болуп келет. Тилекке каршы, абал курчуп баратат. Биз союздаштарды күч колдонуудан мүмкүн болушунча баш тартып, сүйлөшүүгө чакырабыз. Ортомчулук кызматыбызды көрсөтүүгө даярбыз. Кырдаал канчалык тез жөнгө салынса, ошончолук жакшы", — деген министр.

Лавровдун айтымында, бул маселе тууралуу Россия тарап Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун тышкы иштер министрлеринин кеңешининин онлайн жыйынында да өз өнөктөштөрүнө билдирген.

Тажик жоокерлер чек араны кайтарып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
КРдин Чек ара кызматы тажикстандык кесиптештерин абалды курчутпоого чакырды
Эске сала кетсек, май айында кыргыз-тажик чек арасында эки ирет ок атышуу болду. Алгач 8-майда Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар Баткен районунун Чек айылында 50 сотых жерди талашып, жаңжалдаша кетишкен. Мунун айынан эки мамлекеттин чек арачылары атышып, Кыргызстандын үч жоокери ок жеген.

Ал эми 24-майда Баткендин Мойнок аймагына Тажикстандын "Ворух" анклавынын жашоочулары мал жаюуга аракет кылып, буга Кыргызстандын чек арачылары жол берген эмес. Анын айынан да чек арачылар атышкан.

Тажик тарап кыргызстандык малчылар чек араны кесип өтүп, Согду облусунун аймагына кирип кеткендиктен, кайым айтышуу болуп кеткендигин айтып чыгышкан. Ок атышуудан тажикстандык бир чек арачы жабыркаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0