Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан тарапка дагы кайрылуу жасады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы Ворух айылы. Архив
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы Ворух айылы. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарапты ЖМКларга так эмес маалыматтарды таратпоону жана чек арада болгон окуяга бааны биргелешип берүүгө чакырды.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара күчтөрүнүн "Кыргызстан тарап Тажикстандын жаранына, аял кишиге ок чыгарып чагымчылдык кылды" деген кабары чындыкка жатпайт. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришти.

Города России. Москва - Sputnik Кыргызстан
Россия кыргыз-тажик чек ара көйгөйүндө ортомчу болууга даяр
27-майда Баткен районунун Жака-Өрүк аймагында Баткен жана Исфара райондорунун өкүлдөрүнүн кырдаалды териштирүү боюнча жолугушуусу өттү. Кыргыз-тажик чек ара кызматынын өкүлдөрү чек ара тилкесинде чатактын алдын алуу жана аны мындан ары болтурбоо маселесин талкуулады. Алар аталган маалыматты эки тараптан тең объективдүү карап чыгууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Бул факты боюнча эки мамлекеттин тартип коргоо органдары биргелешип териштирүү иштерин баштады.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарапты ЖМКларга так эмес маалыматтарды таратпоону жана чек арада болгон окуяга бааны алар менен биргелешип берүүгө чакырды.

Учурда кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0