Өкмөт: COVID-19дан улам чек ара боюнча кийинки сүйлөшүүлөр боло элек

Жазылуу
Тажикстан менен чектешкен Баткен облусундагы бир нече калктуу конуштарда талаш маселелер чыгып, чыңалуу байкалууда.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасынын 95 пайызы, ал эми кыргыз-тажик чек арасынын 60 пайызы өкмөттүк делегациялар тарабынан өз ара макулдашылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жалпы 38 отуруму болгон. Андан сырткары топографиялык жумушчу топтун 50гө чукул, укуктук маселелер боюнча жумушчу топтун 20дан ашуун жолугушуулары өткөндүгү айтылды.

Өкмөт делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кийинки жолугушуулар COVID-19 пандемиясынан улам өткөрүлө электигин билдирди.

“Тажикстан менен чектешкен Баткен облусундагы бир катар калктуу конуштарда объектилерди куруу, жер ресурстарын пайдалануу сындуу талаш-тартыш маселелер чыгып, белгилүү бир чыңалуу байкалууда. Жергиликтүү бийлик органдары укук коргоо органдары менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө”, — деп айтылган маалыматта.

Города России. Москва - Sputnik Кыргызстан
Россия кыргыз-тажик чек ара көйгөйүндө ортомчу болууга даяр
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын 31 отуруму уюштурулган. Топографиялык жумушчу топтордун 96 жолугушуусу, укуктук маселелер боюнча жумушчу топтордун 2 жолугушуусу өткөрүлгөн.

Өкмөт өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо, социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасынын экинчи этабы ишке ашырылып жатканын маалымдады.

“Программа 33 иш-чараны камтыйт, аларды жүзөгө ашырууга 296 миллион 250 миң сом каралган. Бул каражаттардын ичинен 195 миллион сому Баткен облусундагы өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө багытталат”, — деп билдиришти өкмөттөн.

Акыркы учурда кыргыз-тажик чек арасында чатак көп чыгып, туура эмес таратылган маалыматтар боюнча эки тараптын Чек ара кызматтары да кайрылуу таратууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0