Портфельчен адам. Архив

Өзбекстан Кыргызстанга жаңы элчи дайындады. Чоо-жайы

195
(жаңыланган 13:01 02.06.2020)
Жаңы элчиге чейин Бишкекте дипломатиялык вазыйпаны Комил Рашидов аткарып жүргөн. Кыргызстанда ал сегиз жыл элчи болуп иштеди.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси болуп Хуршид Мирзахидов дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирмесине таянып кабарлады.

Ага ылайык, жаңы дайындалган өкүл Бишкекке 30-майда келген.

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев менен. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Хуршид Мирзахидов элчилик кызматка келгенге чейин Өзбекстандын маалымат технологиясы жана коммуникацияны өнүктүрүү министри, Улуттук телерадиокорпорациясынын жетекчиси, Транспорт министрлигинин алдындагы автоунаа жолдору комитетинде жетекчинин орун басары сыяктуу кызматтарды аркалаган.

Өзбекстандын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Комил Рашидов жаңы кызматка, тагыраагы, өкмөт башчынын кеңешчиси болуп дайындалганына байланыштуу элчилик кызматтан былтыр күздө кеткен.

195
Белгилер:
дайындоо, кызмат, элчи, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр. Коңшу өлкөнүн ТИМи үн катты
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив

Президент "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамга кол койгон жок. Себеби

89
(жаңыланган 13:45 03.08.2020)
Демилгечилердин айтымында, мыйзам иштей баштаса фейк-аккаунттар өчүрүлүп, ЖМК же социалдык баракча аркылуу жалган маалымат тараткандарды соту жок эле мамлекеттик органдар жоопко тарта алат.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамга карата каршы пикирге кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчы "Биринчи радионун" түз эфириндеги маегинде айтты.

Президент мыйзамдын негизги концепциясын — ар бир адамдын укуктарын жана эркиндиктерин интернет тармагында таратылган жалган жана анык эмес маалыматтан коргоонун зарылдыгын колдоп, ошону менен бирге төмөнкү каршы пикирлерди билдирет.

Эмнеси жаман? Депутат соцтармакты чектеген мыйзамга каршы кесиптештерине таң калды

Пикир билдирүүнүн жана маалыматтын эркиндиги өлкөбүздүн негизги мыйзамында, ошондой эле адам укуктары жөнүндө бир катар эл аралык жана региондук келишимдерде кепилдик кылынган адам укуктарынын бири болуп эсептелет жана демократиялык коомду өнүктүрүүдө негизги ролду ойноору айтылат.

"Ошол эле учурда мамлекетибиздин негизги мыйзамы жарандарды башка адамдардын укуктарын, эркиндигин, ар-намысын жана аброюн урматтоону милдеттендирет. Ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысынын жана аброюнун корголушуна укуктуу", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошону менен бирге дүйнөдөгү коронавирус пандемиясы мезгилинде социалдык тармак аркылуу жалган маалыматтарды таратуу аракеттери жарандардын ден соолугуна, өмүрүнө, коомдук тартипке зыян келтирип жатканы кошумчаланды.

Эркектей болгула! Соцтармакты чектөөнү сунуштаган Асылбаева депутаттарга кайрылды

Бул маселенин коомдогу маанисин эске алып, мыйзамдын редакциясын, тактап айтканда, ишке ашыруунун механизмдерин жана жөнгө салуунун техникалык аспектилерин коомчулуктун, эксперттик коомдун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартуу менен кайрадан карап чыгуу сунушталат.

"Бул мыйзамды кароону адам укуктарын, мамлекеттик саясатты, мамлекеттин технологиялык жана туруктуу өнүгүүдөгү мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен камсыз кылуу керек деп эсептейм. Баш мыйзамдын 64 жана 81-беренелерин жетекчиликке алып макулдашылган вариантты иштеп чыгуу үчүн кайтарам. Бул каршы пикирди Жогорку Кеңеште кароодо аны сунуштоону Маданият, маалымат жана туризм министрине жүктөйм", — деген президент.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова тарабынан демилгеленген. Ал тогуз беренеден турат. Анда интернет колдонуучуларынын, сайт ээлеринин жана провайдерлердин милдеттери тууралуу жазылган.

Депутаттар "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамын кабыл алды

Демилгечилердин айтымында, фейк-аккаунттар өчүрүлүп, ЖМК же социалдык баракча аркылуу жалган маалымат тараткандарды соту жок эле мамлекеттик органдар жоопко тарта алат. Бирок муну менен кайсы орган алектенери так көрсөтүлгөн эмес.

 25-июнда Жогорку Кеңеш аталган мыйзамды кабыл алган. Ага 79 депутат макул болуп, 10 эл өкүлү каршы чыккан.

 

89
Белгилер:
Сооронбай Жээнбеков, фейк, сөз эркиндиги, Жогорку Кеңеш, мыйзам, Кыргызстан
Тема боюнча
Депутаттар "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамын кабыл алды
Түштүк Кореянын желеги. Архив

Түштүк Корея Кыргызстанга COVID менен күрөшүүдө финансылык жардам берет

53
(жаңыланган 13:22 03.08.2020)
Кыргызстанда бул каражат "өлкөнүн санариптик инфраструктурасын" жакшыртууга багытталган билим берүүчү долбоорлорду ишке ашырууга багытталат.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Түштүк Кореянын өкмөтү Кыргызстанга жана өнүгүп келе жаткан беш мамлекетке коронавируска каршы күрөшүү үчүн 5,15 миллион доллар каражат бөлөт. Бул тууралуу өлкөнүн Стратегия жана финансы министрлигине таянып, жергиликтүү KBS телеканалы билдирди.

Жардамды алуучулардын катарында Кыргызстан менен кошо Вьетнам, Камбоджа, Гаити жана Уганда мамлекеттери бар. Каражаттар Түштүк Корея менен Дүйнөлүк банктын биргелешкен фонддору аркылуу чегерилет.

Кыргызстанга Россиянын кезектеги гуманитардык жардамы келип түштү. Тизме

Маалыматка ылайык, Колумбияда бул каражат санарипти колдонуу жолу менен коронавируска каршы көрүлгөн чараларды бекемдөө үчүн жумшалса, Гаитиде текстиль өнөр жайынын жеке коргонуу шаймандарын өндүрүү тармагына өтүүсүн колдоо үчүн сарпталат.

Кыргызстанда бул каражат "өлкөнүн санариптик инфраструктурасын" жакшыртууга багытталган билим берүүчү долбоорлорун ишке ашырууга багытталат.

53
Белгилер:
финансы, жардам, Түштүк Корея, коронавирус
Тема боюнча
Кыргызстанга Россиянын кезектеги гуманитардык жардамы келип түштү. Тизме
Түштүк Кореядагы мекендештер 10 миң доллардан ашуун акчага жардам жөнөттү
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндөгү атайы операция. Архив

Кой-Таш окуясы боюнча соттун онлайн-отуруму жылдырылды. Себеби

21
(жаңыланган 16:54 03.08.2020)
Жогорку соттон кабарлашкандай, Бишкекте соттук отурумдар эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен видео байланыш форматында өтүп жатат.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум 5-августка жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматынан билдиришти.

"Бүгүн видео байланыш форматында өтө турган соттук отурум айыпталуучулардын бири ден соолугуна байланыштуу дарылоочу № 47 абакка которулганына байланыштуу болбой калды. Кийинки отурум шаршемби күнү саат 10:00гө дайындалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Жогорку соттон кабарлашкандай, Бишкекте соттук отурумдар эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен видео байланыш форматында өтүп жатат.

УКМК тергөө абагын карантинге жаптыбы? Мекеменин жообу

Кой-Таш окуясы

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларынан соң камакка алынган. Жалпысынан Атамбаев сегиз эпизод менен шектелүүдө. Бул окуядан бир киши каза таап, 175 адамдын дарыгерлерге кайрылганы белгилүү болгон.

Атамбаевден тышкары Кой-Таш окусы боюнча анын тарапташтары Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Марат Шаменов, Рысбек Карыпбек уулу, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев жана Нооруз Капарбек уулу кармалган.

Алмазбек Атамбаев пневмониядан айыгып кайра абакка которулду

ЖК депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина жана Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева үй камагында.

 

21
Белгилер:
Алмазбек Атамбаев, Отурум, сот, Бишкек, Кой-Таш
Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция
Тема боюнча
Атамбаев менен Жолдубаева жазага тартылды. Сот залынан видео