ЖКга келүү да оңой нерсе эмес. Спикер Жумабеков депутаттарды куттуктады

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков. Архив
Жогорку Кеңештин төрагасы  Дастан Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрага азыркы парламентарийлердин ишине бүгүнкү күндө көңүл бурулбай жатканын, бирок убагы келгенде баа берилерин айтты.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты болуу оңой нерсе эмес. Бул туурасында ЖК төрагасы бүгүнкү Парламентаризм күнү менен куттуктап жатып билдирди.

Ал VI чакырылыштын депутаттары беш жылда эбегейсиз чоң иштерди жасаганын айтып, анын ичинде 28 жылдан бери чечилбеген бир нече социалдык маселелер боюнча мыйзамдар кабыл алынганын белгиледи. Ошондой эле саясий токтомдорду жактырып, мамлекеттин өнүгүшө чоң салым кошконуна токтолду.

"Азыркы иштерибизге азыр көңүл бурулбай жатса керек, бирок убагы келгенде баа берилет. Сиздер менен чогуу ийгиликтерди жараттык, ошол эле учурда сынды, ачуу сөздөрдү четке какпашыбыз керек. Эл өкүлдөрү катары элдин элегинен өтүп, алты фракция кызмат кылып келебиз. Бул жерге келиш да оңой нерсе эмес. Көптөгөн чоң иштерди, чоң күчтү талап кылат. Бирок биз ошонун баарына чыдап, кызмат кылып келебиз. Бизден кийинки парламентти да кызмат кылат деп ишенем", — деди Жумабеков.

Мындан сырткары, төрага депутаттар элдин ишенимине жетип, берген убадаларын аткаруу үчүн иштеп жатканын кошумчалады.

Спикер Дастан Жумабековдун ишмердүүлүгү боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинен окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0