Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумабеков: эгемендүү өлкө парламентинин 17-төрагасымын

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков 4-июнь парламентаризм күнү менен жалпы депутаттарды куттуктады.
Жумабеков: эгемендүү өлкө парламентинин 17-төрагасымын

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки пралменттин 17-төрагасымын. Бул тууралуу Дастан Жумабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, төрагалык кызматка 2017-жылы көпчүлүк добушка ээ болуп келген.

"Эгемендүү Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VI чакырылышы иштеп жатат. Ушул алты чакырылышта жалпысынан 17 төрага эмгектендик. Алардын ар бирин сыйлайм. Мага чейинки төрагалар да өз милдетин аткарышкан деп ойлойм. Жогорку Кеңештин соңку эки чакырылышы парламенттик-президенттик башкаруу доорунда кызмат өтөөдө. Бул абдан чоң жоопкерчилик. Биздин эл парламенттик башкарууну тандап алган соң, демек аны андан ары карай өнүктүрүшүбүз керек", — деди Жумабеков.

Ал жүздөгөн жылдар тарыхы бар парламенттик өлкөлөргө азырынча Кыргызстанды салыштырып болбостугун, бирок 10 жыл ичинде жакшы аракеттер байкалып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0